Садыр Жапаров күрөш боюнча дүйнө чемпиондоруна 1 млн сомдон тапшырды

Садыр Жапаров күрөш боюнча дүйнө чемпиондоруна 1 млн сомдон тапшырды

Бүгүн, 26-сентябрда, президент Садыр Жапаров Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында медаль алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысы алтын тагынган спортчулар Айсулу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго 1 миллион сомдон сыйлык тапшырды. Ал эми күмүш медаль алган Айпери Медет кызына — 750 миң сом, коло медалга ээ болгон Тайырбек Жумашбек уулуна — 500 миң сом берилди. Ошондой эле спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.   1 of 25-+ Мамлекет башчысы жолугушуунун…

Прочитайте больше

Путин Кыргызстанга келет

Путин Кыргызстанга келет

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РФ лидери Владимир Путин 15-октябрда Кыргызстанга келерин ырастады. Бишкекте Путиндин ошондой эле Беларустун президенти Александр Лукашенко менен эки тараптуу жолугушуусу да болот. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин Беларустун президенти Александр Лукашенко дүйшөмбү күнү Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып 15-октябрда ал Кыргызстанда Путин менен жолугушууну пландап жатканын билдирген. «Кечээ мен Россиянын президенти менен сүйлөштүм. 15-октябрда биз Кыргызстанда жолугабыз», — деген Лукашенко Белоруссияда иш сапары менен жүргөн…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Кытайдын  ишкерлеринин ортосунда 150 млн долларды түзгөн меморандумдарга кол коюлду

Кыргызстан менен Кытайдын  ишкерлеринин ортосунда 150 млн долларды түзгөн меморандумдарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында, Кытай Эл Республикасынын Чет элдик ишканалар ассоциациясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууга катышты. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкердик кызматташуунун келечеги, экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ал эми панелдик сессиялардын катышуучулары болсо Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын 10дон ашуун өкүлдөрү…

Прочитайте больше