Путин Кыргызстанга келет

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РФ лидери Владимир Путин 15-октябрда Кыргызстанга келерин ырастады.

Бишкекте Путиндин ошондой эле Беларустун президенти Александр Лукашенко менен эки тараптуу жолугушуусу да болот.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Беларустун президенти Александр Лукашенко дүйшөмбү күнү Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып 15-октябрда ал Кыргызстанда Путин менен жолугушууну пландап жатканын билдирген.

«Кечээ мен Россиянын президенти менен сүйлөштүм. 15-октябрда биз Кыргызстанда жолугабыз», — деген Лукашенко Белоруссияда иш сапары менен жүргөн Россиянын Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко менен Минскидеги жолугушуусунда.

«Президенттин сапары жана ал жерде жолугушуу пландалып жатканын ырастай алабыз», — деди Песков.

Белгилей кетсек, октябрдын орто ченинде Бишкекте КМШ мамлекеттеринин өлкө башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Быйыл Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылат.

Акыркы жолу Владимир Путин Кыргызстанда 2022-жылдын декабрында болгон. Ал Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышкан.

Комментарий жиберүү