Садыр Жапаров күрөш боюнча дүйнө чемпиондоруна 1 млн сомдон тапшырды

Бүгүн, 26-сентябрда, президент Садыр Жапаров Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында медаль алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы алтын тагынган спортчулар Айсулу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго 1 миллион сомдон сыйлык тапшырды. Ал эми күмүш медаль алган Айпери Медет кызына — 750 миң сом, коло медалга ээ болгон Тайырбек Жумашбек уулуна — 500 миң сом берилди.

Ошондой эле спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

1 of 25-+

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын куттуктап, анда бардык кыргызстандык күйөрмандардын атынан Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бекем эркти көрсөтүп, сыноолордон намыскөйлүк менен ийгиликтүү өткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат”, — деп билдирди  Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстан 30дан ашуун мамлекеттин арасынан командалык зачетто 3-орунду ээлегенин канааттануу менен белгиледи.

«Өлкөнүн тарыхында мындай натыйжа биринчи жолу жетишилип, тарых баракчасы жаңыланды. Бул жетишкендик миллиондогон кыргызстандыктарды чексиз кубанычка бөлөп, демине-дем, күчүнө күч кошуп, өлкө үчүн, спортчулар үчүн сыймыктануу сезимдерине толтурду. 2024-жылы Парижде өтө турган 33-жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алгандарга үмүтүбүз да, ишеничибиз да чоң. Биз албетте, мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат, деп сөз беребиз”, — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы бул жолку чемпионатта кыргыздын көк жал уулу Акжол Махмудовдун сабырдуулугу менен ишенимдүү ар бир аракетин, Жоламан Шаршенбековдун илбирстей ыкчамдыгын жана Жумашбек уулу Тайырбектин кынтыксыз кыймылын баардыгы көз ирмебей кылдаттык менен карап олтурганын айтты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыздын кыз-келиндер күрөшүнө ак жолтой болуп, албан-албан ийгиликтерди алып келген Айсулуу Тыныбекова жеңет, деп бардыгы алдын ала бекем ишенип турганына басым жасады. Анын Кыргызстандын капчыгына алтын медаль алып келээрине эч ким шек санаган эмес.

Ошондой эле ал жаракатына карабай, намыс деп аягына чейин күрөшүп, күмүш медалдын ээси болгон Айпери Медет кызынын өжөрлүгүн жана тайманбастыгын өзгөчө баалады.

“Силердин ийгилигиңердин, жеңишке жетүүңөрдүн артында 10, балким 20 жылдаган талбаган, үзгүлтүксүз эмгек жатат. Спорт менен машыгып жүргөн инсан катары мен сиздерди абдан жакшы түшүнөм. Спортчулардын жеңиштери талыбас эмгектен, туруктуулуктан, темирдей бекем эрктен, ошондой эле машыктыруучулардын чеберчилигинен башат алат. “Эр эмгегин жер жебейт” деген накыл кеп сыңары, сиздердин талбаган эмгегиңиздер текке кетпей, Ата Мекениңерди даңктап эле тим болбостон, миңдеген жаштардын жүрөгүн жалындатып, Кыргызстандын атын чыгарууга чоң түрткү берип жатасыздар.
Бул жолку ийгилигиңиздер биринчиси же акыркысы эмес. Августта эле Түркия мамлекетинде өткөн V Ислам оюндарында ушундай бийик көрсөткүчтөр менен баарыбызды кубанттыңыздар эле. Бул ирет дагы кыргыз спортунун күчүн Сербия өлкөсүндө тастыктап келдиңиздер. Кудай буюрса, сиздерди алдыда мындан да чоң жетишкендиктер күтүп жатат”, — деди президент.

Мамлекет башчысы өлкөнүн улуттук курама командасынын жалпы машыктыруучуларына талыкпас эмгекчилдиги, өзгөчө мекенчилдиги менен эл аралык деңгээлде даярдаган спортчулары өлкөгө жеңиш алып келгени үчүн ыраазычылык билдирди.

Комментарий жиберүү