Жалал-Абадга Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын дарыгерлери келди. Алар 130га жакын жарандын жүрөгүнө акысыз операция жасашат

Бүгүн, 29-сентябрда Жалал-Абад шаарына Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын 30дан ашуун дарыгерлер бригадасы келди.

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жалал-Абад аэропортунан дарыгерлерди Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиялык борборунун башкы дарыгери Калдарбек Абдраманов, облустук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Маалыматка ылайык, алар бир жума бою шаарда жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда 15 жаштан жогорку, жүрөк ооруларынан жабыркаган 130га жакын жаранга акысыз операцияларды жасайт.

Мында оорулуулардан эң алгач социалдык абалы оор, мүмкүнчүлүгү чектелген муктаж жарандар тандалып алынат. Бул иш-чара 29-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнүн алкагында уюштурулган.

Комментарий жиберүү