Кыргызстанда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт

Кыргызстандын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов 27-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров менен жолугушту.

Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

«Жолугушуу учурурунда үстүбүздөгү жылдын 9-13-октябрында Кыргызстандын аймагында өтүүчү ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна болгон даярдыктар жана өткөрүүсү боюнча суроолорду талкуулашты», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта Сидоров Кыргызстанга 26-сентябрда «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтө турчу жайлар менен таанышуу максатында келгени айтылат.

Ал иш сапарынын жүрүшүндө 20636 аскер бөлүгүнө барып ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик контингенттеринин жайгашуусу, камсыз болуусу, окуу орундарынын жайгашуусу жана камсыздалышы, машыгуу пункттарын жайгашуусу жана иштелип чыгуучу суроолордун (практикалануучу маселелердин) тизмеси менен таанышты.

Биргелешкен башкаруу пункттардын жана участоктордун жайгашуусуна, машыгуунун негизги тактикалык эпизоддорун практикалык түрдө ишке ашыра турган аймактарга өзгөчө көңүл бурулду.

Комментарий жиберүү