Пашинян Бакуну этностук тазалоого айыптады

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Тоолуу Карабактан этностук армяндардын жапырт чыгып кетип жатканы үчүн Азербайжанды этностук тазалоо саясатын жүргүздү деп айыптады.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Назели Багдасарян билдиргендей, 28-сентябрга карата Арменияга Тоолуу Карабактан 66 500 киши кирди. Бул жикчил аймактагы 120 миң этностук армяндардын жарымынан көбү дегенди билдирет.

«Бул түздөн-түз этностук тазалоо жана депатриация (мекенинен ажыратуу) актысы. Бул тууралуу армян тарап эл аралык коомчулукка мурдатан эле эскертип келген», — деди Пашинян 28-сентябрда өткөн өкмөттүн жыйынында. Ал эл аралык коомчулукту конкреттүү аракеттерди көрүүгө чакырды.

«Эл аралык оюнчулардын Тоолуу Карабактагы окуяларды айыптаган билдирүүлөрү маанилүү. Бирок анын артынан конкреттүү аракеттер көрүлбөсө, бул билдирүүлөр жөн гана тарых үчүн моралдык статистика жаратуу аракети катары каралат», — деди армян өкмөт башчысы.

Расмий Баку этностук тазалоо тууралуу дооматтарды четке кагып, аймактагы армяндарды Азербайжанга «реинтеграция» кылуу аракетин көрүп жатканын билдирди.

Эл аралык коомчулук тааныбаган «Тоолуу Карабак республикасынын» лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгонун «Азаттыктын» армян кызматы жазды.

Документте азери тарап менен жетишилген макулдашуу тууралуу да жазылган. Анда Тоолуу Карабактын тургундары жана куралын таштаган аскерлердин Лачын коридору аркылуу өз автоунааларында «эркин, ыктыярдуу жана тоскоолдуксуз өтүшү камсыздалары» белгиленген.

2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришти.

Комментарий жиберүү