АКШ Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берет. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх билдирди. «Бүгүн Коргоо министрлиги Украинанын согуш талаасындагы муктаждыктарын колдоо үчүн аскердик жардам пакетин жарыялайт»,- деди ал брифингде. Анын айтымында, пакетте Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө үчүн жабдуулар, артиллериялык ок-дарылар жана башка жабдыктар бар. 6-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага сапары менен барды. Бир катар ЖМКлар АКШ Украинага ар түрдүү багытта жардам көрсөтөрүн, тактап айтканда Украинага 1 миллиард доллар бөлөрүн маалымдашкан….
Прочитайте больше