Тажикстан: Ооганстандан маңзат ташуу көбөйдү

Тажикстан: Ооганстандан маңзат ташуу көбөйдү

Тажикстан Ооганстанда бийликти талибдер басып алгандан бери баңги аткезчилиги кыйла көбөйгөнүн билдирди. Былтыр талибдер Ооганстанда апийим өстүрүүгө тыюу салып, эрежени бузгандар шарият мыйзамдары менен жазаланарын эскерткен. Бирок БУУнун маалыматына ылайык, андан бери өлкөдө апийим аянттары 32% көбөйүп, 233 миң гектарды түздү. Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Мир Саид Али Хамадони районунун акимчилиги коңшу өлкөдөн баңгизатын алып өтүү аракети эки жолу токтотулганын билдирди. «Чек арачылар менен болгон атышууда аткезчилик менен алектенген Ооганстандын бир жараны жок кылынды. Аткезчилердин…

Прочитайте больше

Грузияда мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатабы?

Грузияда мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатабы?

Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы кутумчулар тобу бийликти күч менен алмаштыруу үчүн баш аламандык уюштурууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Грузиянын аймагында жана анын чегинен тышкаркы адамдардын тобу дестабилдештирүү жана жарандык баш аламандык уюштурууну пландаштырууда, анын түпкү максаты — бийликти күч менен алмаштыруу. Деструктивдүү аракеттерди баштоо мөөнөтү октябрь-декабрь айлары деп айтылган», — деп айтылат Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө. Ведомство «кутумдун» уюштуруучулары деп Георгий Лорткипанидзе (Михаил Саакашвилинин тушунда Ички иштер министрлигинин башчысынын…

Прочитайте больше

Кытай дүйнөдө биринчилерден болуп Ооганстанга элчисин жөнөттү

Кытай дүйнөдө биринчилерден болуп Ооганстанга элчисин жөнөттү

Кытай Ооганстанда бийликке «Талибан» кыймылы келгенден бери бул өлкөгө расмий түрдө жаңы элчи дайындаган биринчи мамлекет болуп калды. Кытайдын Ооганстандагы жаңы элчиси Чжао Син «Талибан» өкмөтүнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Хасан Ахундга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу талиптердин өкүлүнүн орун басары Билал Карими билдирди. «Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухаммад Хасан Ахунд салтанаттуу аземде Кытайдын Ооганстандагы жаңы элчиси Чжао Син мырзанын ишеним грамотасын кабыл алды. Аземге тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Моттаки дагы катышты»,…

Прочитайте больше

Ташкентте сакалга жана хижабга каршы рейддер күчөдү

Ташкентте сакалга жана хижабга каршы рейддер күчөдү

Өзбекстанда кайрадан сакал коюп жана хижаб кийип жүргөндөргө каршы рейддер күчөдү. Бул тууралуу «Озодлик» радиосу кабарлады. Редакцияга окурмандар жөнөткөн видеодо Анжиян шаарындагы Банк колледжинин хижаб кийген студенттери окуу жайга киргизилбей, алардан жоолукту артка байлап салынуу талап кылынып жатканын көрүүгө болот. «Биз сиздердин редакцияга Анжиян шаарындагы Банк колледжинин студент кыздарынын атынан кайрылып жатабыз. Хижаб кийген кыздардан жоолукту артка байлап салынуунун талап кылып жатышат. Бул талап канчалык мыйзамдуу?», – деген «Озодлик» радиосуна видео жөнөткөн студент. Акыркы кездери…

Прочитайте больше

АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен эмнени сүйлөшөт?

АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен эмнени сүйлөшөт?

Америка бийлиги Байден менен Борбор Азия лидерлеринин алгачкы саммити тууралуу маалымат берди Ак үйдүн кеңешчиси Жейк Салливан президент Жо Байдендин Борбор Азия лидерлери менен боло турган алдыдагы жолугушуусу тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр менен катар ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформалар талкууланат. «Иш жүзүндө алып караганда С5+1 программасы 2015-жылы башталган. Ошондон бери ал бекемделди. Эми биз бул иш кандай…

Прочитайте больше