Палестина-Израиль жаңжалы. Газадагы акыркы кырдаал

Палестина-Израиль жаңжалы. Газадагы акыркы кырдаал

Газадагы курмандыктар 10 миңден ашты Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Газа тилкесинде Израилдин соккуларынын натыйжасында курман болгондордун саны 10,5 миңден ашты. Al Jazeera телеканалынын маалыматына караганда, ЦАХАЛдын анклавдын борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагериндеги турак жайды бомбалоосунан эле кеминде 18 киши набыт болду. Израиль армиясы Газа тилкесиндеги операцияларын улантууда. Үзгүлтүксүз кагылышуулар болуп жаткан Иордан дарыясынын батыш жээгинде Израилдин коопсуздук күчтөрү кагылышуу күчөй баштагандан бери ХАМАСтын 900дөн ашуун активисттерин, анын ичинде өткөн түнү 10 кишини кармады….

Прочитайте больше

Мирзиёев Ирандын президенти менен жолугушту — эмнелер талкууланды

Мирзиёев Ирандын президенти менен жолугушту — эмнелер талкууланды

Эки өлкөнүн президенттери өзбек-иран мамилелерин мындан ары чыңдоо, соода, инвестиция, инновация жана транспорт тармагында практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Бүгүн, 9-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте өтүп жаткан Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитинин иш-чараларынын программасынын алкагында Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту, деп билдирди өзбек президентинин маалымат кызматы. Жолугушууда эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүү динамикасы уланып жатканы жана  экономиканын түрдүү тармактарында кооперация долбоорлору биргелешип ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди….

Прочитайте больше

Газа шаарынан бир суткада 15 миңден ашык палестиналык чыгып кетти

Газа шаарынан бир суткада 15 миңден ашык палестиналык чыгып кетти

Бир сутканын ичинде Газа шаарынан 15 миңден ашык жайкын тургун чыгып кетти. Бул тууралуу 8-ноябрь күнү кечинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү билдиришти. Жекшемби күнү Газадан 2 миң, дүйшөмбү күнү 5 миңге жакын жай тургун чыгып кеткен. Шаардын жашоочуларын эвакуациялоо израил аскерлери көзөмөдөп турган гуманитардык коридор аркылуу ишке ашууда. Израилдин күчтөрү Газа тилкесинин Газа шаары жайгашкан түндүк бөлүгү менен түштүк бөлүгүн ортосунан тең экиге бөлгөндөн кийин жайкын тургундар үчүн гуманитардык коридор ачкан. Израил Газаны көзөмөлдөп…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Газадагы согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырды

Садыр Жапаров Газадагы согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ташкент шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде сөз сүйлөп, Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырды. «Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз”, — деп белгиледи Садыр Жапаров. Мындан тышкары,…

Прочитайте больше

Тажикстан менен Иран виза режимин жоюуну макулдашты

Тажикстан менен Иран виза режимин жоюуну макулдашты

8-ноябрда расмий сапары менен Душанбеге барган Ирандын президенти Ибрагим Раиси Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолугуп, тараптар кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол коюшту. Алардын арасында транспорт тармагын өнүктүрүү, эркин экономикалык аймактарды түзүү жана маңзатка каршы күрөшүү тууралуу меморандумдардан тышкары эки өлкө ортосундагы виза режимин жоюу тууралуу макулдашуу да бар. Буга чейин Ирандын да, Тажикстандын да коомдук ишмерлери эки өлкөнүн ортосундагы виза режимин жоюуну сунуштап келишкен. Алар бул маселе оң жагына чечилсе, Ирандын миңдеген…

Прочитайте больше

Газадагы онкологиялык оорусу бар балдар Түркияга жеткирилет

Газадагы онкологиялык оорусу бар балдар Түркияга жеткирилет

Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа израилдик кесиптеши менен Газа тилкесиндеги рак менен ооруган балдарды Түркияга дарылоого жеткирүү боюнча макулдашканын Turkiye гезитине билдирди. Ал Израилдин саламаттыкты сактоо министри менен рак оорулуу балдарды Түркияга коопсуз жеткирүү боюнча макулдашканын билдирди.  Анын айтымында, балдар жакын арада Түркияга алынып келинет. Учурда бейтаптардын так саны белгисиз. Кожа буга чейин Анкара менен Каир Газадагы миңдеген бейтаптарды жана жарадарларды Газадан Египетке Рафах өткөрмө пункту аркылуу жеткирүүнүн үстүнөн иштеп жатышканын билдирген. Анын айтымында,…

Прочитайте больше