Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак отставкага кетти

Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак отставкага кетти

Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак министрлер кабинетинин башчысы кызматынан кеткенин Би-Би-Си билдирди. “Мен бул жумушка бардыгын бердим, бирок сиздер Улуу Британиянын өкмөтү өзгөрүшү керек жана сиздин чечимиңиз маанилүү деп ачык билдирүү жөнөттүңүз”, – деди Сунак премьер-министрдин Даунинг-стрит кеңсесинде шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөзүндө. Букингем сарайы Сунактын отставкасын падыша кабыл алганын ырастады. Сарайдын билдирүүсүндө: “Урматтуу Риши Сунак, парламенттин депутаты бүгүн эртең менен Король Чарльз III менен аудиенцияда болду жана премьер-министр жана Казыналыктын биринчи кожоюну катары кызматтан кетүү…

Прочитайте больше

Путин талибдерди террорчулукка каршы күрөштө Орусиянын өнөктөштөрү деп атады

Путин талибдерди террорчулукка каршы күрөштө Орусиянын өнөктөштөрү деп атады

Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстанда бийлик жүргүзүп жаткан талиптер кыймылын Орусиянын терроризмге каршы күрөштө өнөктөшү деп атады. Бирок ал кыймылга Орусияда расмий түрдө тыюу салынганын айткан жок. «Жалпысынан биз талиптер кыймылы өлкөдөгү бийликти көзөмөлдөп турганын моюнга алышыбыз керек жана бул жагынан алганда, талиптер терроризмге каршы күрөштө биз үчүн шериктештер», – деди орус президенти Астанада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Анын сөздөрүн ТАСС агенттиги жазды. Мамлекет башчысы Ооганстандагы туруктуулукка талиптер да кызыкдар экенине ишенерин билдирди. «Биз…

Прочитайте больше

Шарль Мишель Палестинаны таанууну колдойт

Шарль Мишель Палестинаны таанууну колдойт

Еврокеңештин башчысы европалык маалымат каражаттарына берген маегинде Палестинаны таанууну колдой турганын билдирди, деп билдирет Kazinform агенттигинин өз кабарчысы. Бүгүн ошондой эле Испания Палестинаны “адилеттикке тарыхый кадам жана тынчтыкка жетүүнүн жападан жалгыз жолу” деп расмий түрдө тааныды. Ошентип Испания Евробиримдиктин эки мамлекетине – Ирландия, Норвегия, ошондой эле Палестинанын мамлекеттүүлүгүн тааныган дүйнөнүн башка 144 өлкөсүнө кошулду. Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель “Палестинаны таанууну жактайт” жана бул маселеде прогресске жетишүү үчүн ЕБ менен үчүнчү өлкөлөрдүн координацияланган мамилесин талап…

Прочитайте больше

Иранда президенттик шайлоонун экинчи туру башталды

Иранда президенттик шайлоонун экинчи туру башталды

Бүгүн Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн уюштурулган шайлоо участкалары өз ишин баштады. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө ачылып, өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи биринчи болуп добуш берди. Бюллетенди урнага салгандан кийин Хаменеи калкка кайрылып, экинчи турда активдүү добуш берүүгө чакырды. Өлкө жарандары эки талапкердин бирине добуш берүү менен жаңы президентти тандашат. Президенттик кызматка 69 жаштагы реформатор, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян менен Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин 58 жаштагы өкүлү, консерватор Саид…

Прочитайте больше

Путин Украина менен болгон жаңжалды токтотуунун жолун атады. Бул эмнени талап кылат?

Путин Украина менен болгон жаңжалды токтотуунун жолун атады. Бул эмнени талап кылат?

Путин: Орусия сунуш кылган шарттар Украинадагы жаңжалды дароо токтотот. Орусия сунуш кылган жөнгө салуу шарттарын кабыл алуу менен Украина чатагын дароо токтотууга болот. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде президент Владимир Путин билдирди. Мамлекет башчысы ШКУнун лидерлерине жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунуштары үчүн ыраазычылык билдирип, Москва бул демилгелерди эске алууга даяр экенине ишендирди. Ал Орусия “ар дайым кырдаалды тынчтык, саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жактап келгенин” баса белгиледи. «Июнь айынын ортосунда биз…

Прочитайте больше

Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары 20дан ашуун документке кол коюшту

Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары 20дан ашуун документке кол коюшту

Бүгүн, 4-июлда Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны болуп өттү. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өткөн жыйынга Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекет жана өкмөт башчылары катышты. Жыйындын жыйынтыгы боюнча лидерлер төмөнкү документтерге кол коюшту: 1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясы; 2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин “Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө”…

Прочитайте больше

Байден Трамп менен дебатта уктап кала жаздагандыгынын себебин айтты

Байден Трамп менен дебатта уктап кала жаздагандыгынын себебин айтты

АКШнын президенти Жо Байден Дональд Трамп менен дебатта өзүнүн начар көрсөткүчүн чарчоо менен байланыштырып, дебат маалында “уктап кала жаздадым” деп мойнуна алды. «Кеп мында, билесиңерби, мен анчалык акылдуу эмес болчумун. Дебатка чейин 100гө жакын убакыт алкагын басып, дүйнөнү эки жолу кыдырууну чечтим. Ошого карабай өзүмдүн кызматкерлеримди укпай, кайра кайтып келип, сахнада уктап кала жаздады», — деген Байдендин сөзүн келтирет Reuters. Бирок ал ийгиликсиздикке актанбай турганын баса белгиледи. Байдендин Трамп менен биринчи дебаты 28-июнда болгон. Эки…

Прочитайте больше

Харрази: Эгер Израиль “Хезболлага” каршы ири чабуул баштаса, аймактык чатак тутанышы мүмкүн

Харрази: Эгер Израиль “Хезболлага” каршы ири чабуул баштаса, аймактык чатак тутанышы мүмкүн

Израиль ливандык “Хезболла” кыймылы менен жаңжалдаша турган болсо, Иран жана “каршылык огуна” кирген мамлекеттер кыймылды колдойт. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын жогорку лидеринин кеңешчиси Камаль Харрази Financial Times гезитине берген маегинде айтканын IRNA агенттиги жазды. Харразинин айтымында, эгер Израиль “Хезболлага” каршы кеңири масштабдагы чабуул баштаса, аймактык чатак тутанышы мүмкүн. “Ливандыктардын баары, араб өлкөлөрү жана “каршылык огунун” мүчөлөрү Израилге каршы жаңжалда Ливанды колдойт. Согуш жалпы аймакка жайылып, ага башка мамлекеттер, анын ичинде Иран да тартылышы мүмкүн….

Прочитайте больше

Америкалык белгилүү актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди

Америкалык белгилүү актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди

Дүйнөгө белгилүү америкалык актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал белгилегендей, актер президент Садыр Жапаров менен Ысык-Көлдүн жээгинде учурашып, кыскача баарлашты. Стивен Сигал – америкалык актер, продюсер, сценарист, кинорежиссер, музыкант жана Айкидо чебери (7-дан). 2016-жылы Орусиянын жарандыгын алган. Кийинчерээк ал “Адилеттүү Орусия – Чындык үчүн” партиясына кошулуп, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Россия менен АКШнын ортосундагы гуманитардык мамилелер боюнча атайын өкүлү болгон (2018-жылдан бери).

Прочитайте больше

Трамп бийликке келсе, НАТО Украинаны колдоого даяр

Трамп бийликке келсе, НАТО Украинаны колдоого даяр

НАТОго мүчө  өлкөлөр Дональд Трамп алдыдагы АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен учурда Украинага узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүү үчүн бир катар чараларды даярдашты, деп жазат The Wall Street Journal (WSJ) америкалык жана европалык расмий өкүлдөргө шилтеме жасап. Жаңы чаралар Украинага аскерий жардам көрсөтүүгө АКШ эмес, НАТО жооптуу болот деп болжолдойт. Тактап айтканда, альянс Киевге аскердик жүктөрдү координациялоо үчүн жооптуу болгон жогорку даражалуу жарандык чиновникти жиберүүнү пландоодо. “АКШ бул аракеттерге болгон колдоосун азайтса же токтотсо дагы, алар…

Прочитайте больше