КР ТИМ башчысынын орун басары Газадагы кырдаалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирди

20-майда Бишкек шаарында Палестина тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановдун Палестинанын элчиси Жавад Мухаммад Авад менен жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, Атаханов БУУнун резолюциясына ылайык көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү жана аны БУУнун мүчөсү катары таануу боюнча Кыргыз Республикасынын туруктуу позициясын билдирди.

Ал ошондой эле гуманитардык кризис күчөп, бейкүнөө адамдар, анын ичинде жаш балдар жана аялдар курман болуп жаткан Газа тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирди.

Эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча Авазбек Атаханов Палестинанын Тышкы иштер министри доктор Рияд Аль-Маликинин 2023-жылдын 27-29-августунда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды, анын ичинде КР ТИМи менен Палестинанын Тышкы иштер жана Экспатрианттар министрлиги ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча кол коюлган Программаны ырааттуу ишке ашырууну сунуштады.

Палестинанын элчиси Жавад Мухаммад Авад Кыргызстандын БУУда Палестина маселеси боюнча көрсөткөн колдоосу жана Палестина мамлекетин түзүүдөгү принципиалдуу позициясы үчүн чоң ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле кыргыз-палестин мамилелеринин абалын, динамикасын жана келечегин жогору баалады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *