Иран Израиль тарабынан оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль- Шамс шаарына жасалган ракеталык чабуул – Тель-Авивдин Газа тилкесиндеги кылмыштарынан коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жасалган «жасалма сценарий» деп атады.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канани Голандагы чаюуулга реакция жасап билдирди.
Анын айтымында, Израилдин ар кандай акылга сыйбаган аракеттери Батыш Азия чөлкөмүндөгү туруксуздуктун өнүгүшүнө себепчи болушу мүмкүн, бул үчүн Израиль тарап жоопкерчилик тартат.
Ишембиде Голан дөңсөөлөрүндөгү соккудан 12 киши набыт болуп, 30дан ашыгы жараат алганын билдирген. Жабыркагандар 10-20 жаштагы балдар болгондугу, снаряд балдар топ ойноп жаткан футбол аянтчасына түшкөнү маалымдалган.
Ливандын “Хезболла” кыймылы Маждаль-Шамс шаарын аткылоого тиешеси жоктугун билдирди.
Буга карабастан, Израилдин расмийлери “Хезболла” жана Ливан менен согуш жакын экенин жарыялай башташты.
«Газа тилкесиндеги он айга созулган массалык киши өлтүрүүлөрдөн кийин…, палестиналык аялдар менен балдардын өлтүрүлүшүнөн кийин, Израилдин апартеид режими жалган сценарийдин жардамы менен Палестинадагы массалык кылмыштарынан дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылууда. Израиль режиминин Маждаль-Шамс аймагында болгон окуя тууралуу билдирүү жасоого жана баа берүүгө кыпындай да моралдык укугу жок жана бул режимдин башкаларга каршы билдирүүлөрү угулбайт”, – деп билдирди Канани.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Израилдин ар кандай ойлонулбаган иш-аракети аймакта туруксуздуктун өнүгүшүнө жана согуштун тутанышына алып келиши мүмкүн экенин айтып, мындай учурда Тель-Авив өзүнүн жүрүм-турумунун күтүлбөгөн кесепеттери үчүн негизги жоопкерчиликти тартарын белгиледи.
Канани АКШны Израилди массалык кыргын салуучу курал менен куралдандырууну улантуунун жана анын премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну колдоонун ордуна “дүйнө тынчтык жана коопсуздук боюнча өзүнүн эл аралык жана моралдык жоопкерчилигин аткарууга жана Израиль режимине жаңы жалынды тутандырууга жол бербөөгө чакырды.
Буга чейин Ирандын Бейруттагы элчиси Можтаба Амани Голан дөңсөөлөрүн аткылоодон кийин Израилдин Ливанга жана “Хезболла” кыймылынын дарегине коркутууларынын фонунда Иран Ливандагы жана аймактагы аскердик аракеттердин кеңейүүсүн каалабай турганын билдирген.
Голан дөңсөөлөрү
1967-жылга чейин Голан дөңсөөлөрү Сириянын Кунейтра провинциясынын бир бөлүгү болгон, анда негизинен арабдардын өзүнчө этноконфессионалдык тобу болгон друздар жашашкан.
1967-жылдагы алты күндүк согушта, ошондой эле 1973-жылдагы төртүнчү араб-израилдик согушта бул стратегиялык аймактын үчтөн эки бөлүгүн Израиль басып алган.
1981-жылы жөөт мамлекети бир тараптуу түрдө аймактын эгемендигин жарыялаган, бирок БУУнун Коопсуздук Кеңеши Голан дөңсөөлөрүн Сириянын оккупацияланган аймагы деп эсептеп, бул чечимди тааныган эмес.
2019-жылы март айында АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп басып алынган Голанды Израилдин аймагы деп тааныган.
Израиль менен Ливандын ортосундагы абалдын курчушу
Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаал былтыр октябрда Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий операциялары башталгандан бери начарлап кеткен. Израилдин армиясы менен “Хезболла”кыймылы дээрлик күн сайын бири-биринин позицияларын аткылашууда.
Ливандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, аткылоодон улам өлкөнүн түштүгүндөгү 100 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Тель-Авив жөөт мамлекетинин түндүгүндөгү 80 миңге жакын жашоочулары ушундай абалга туш болгонун билдирген.