Иран парламенти Пезешкяндын министрлер кабинетин бекитти

Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкян сунуштаган тизмедеги бардык министрлердин талапкерлиги Ислам республикасынын парламенти (мажлиси) тарабынан бекитилди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Жаңы 14-өкмөттүн министрликке сунушталган бардык талапкерлер парламенттин ишеним вотумун ала алышты жана кызматтарына бекитилди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Саясатчылардын ысымдарын Межлистин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф окуп берди.

Пезешкян парламентке талапкерлердин тизмесин 11-августта тапшырган.

Ошентип мунай министринин кызматына мурда бул ведомствонун башчысынын орун басары болуп иштеген Мохсен Пакнежад келди.

Тышкы иштер министрлигинин жаңы жетекчиси белгилүү дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аббас Аракчи болду.

Ал ошондой эле Финляндия жана Япония сыяктуу бир катар өлкөлөрдө элчи болуп иштеген. 2015-жылы өзөктүк келишим (Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы) боюнча сүйлөшүүлөрдө негизги ролду ойногон.

Жаңы өкмөттө коопсуздук ведомстволорун дагы Ирандагы белгилүү фигуралар жетектеди.

Ошентип, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун түзүмүндө кызматтарды аркалаган  Исмаил Хатиб маалымат (чалгындоо) министри кызматын сактап калды.

Азиз Насирзаде Ислам Республикасынын коргоо министри болуп бекитилди.

Буга чейин ал Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы, ошондой эле Иран армиясынын Башкы штабынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Борбордук банктын мурдагы жетекчиси Абдул Насер Хеммати экономика жана финансы министри болду.

Саламаттыкты сактоо жана медициналык билим берүү министрлигин Мохаммадреза Зафарканди жетектейт.

Аббас Алиабади энергетика министри болду.

Ички иштер министри кызматына баңги заттарга каршы күрөшүү боюнча штабдын башкы катчысы Искандар Момени келди.

Фарзане Садех жолдор жана шаар куруу министри болуп дайындалды.

Ал эми Алиреза Каземи – Билим берүү министри;

Саттар Хашеми – Байланыш жана IT министри;

Ахмед Мидари — эмгек жана социалдык камсыздоо министри;

Голамреза Нури Казалже – Айыл чарба жихад министри;

Амин Хоссейн Рахими – юстиция министри;

Мохаммад Атабак – өнөр жай министри;

Хоссейн Симаи Сараф – Илим, изилдөө жана технология министри;

Аббас Салехи – Маданият жана ислам багыты министри;

Реза Салехи Амири – Маданий мурас, туризм жана кол өнөрчүлүк министри;

Ахмад Доньямали – спорт жана жаштар министри болуп дайындалышты.

Эске салсак, Масуд Пезешкян Иранда президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында жеңип чыккан. 69 жаштагы Пезешкиан атаандашы Саид Жалилини 53,7% добуш менен утуп алган. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.

Иранда шайлоо мурдагы президент Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн.

Комментарий жиберүү