Демократтар Камала Харристи президенттикке талапкер кылып көрсөттү

АКШнын Демократиялык партиясы вице-президент Камала Харристи президенттик кызматка талапкер кылып расмий көрсөттү. Ага Чикагодогу улуттук курултайдын 4567 делегаты же 99% добуш берди.

Харрис жана вице-президенттикке тандалган Тим Уолз ошол маалда Милуокиде шайлоо алдындагы митинг өткөрүп жатышкан.

Харристи экс-президент Барак Обама жана анын жубайы Мишел Обама колдошоту. Мурдагы биринчи айым демократ-шайлоочулар арасында абдан популярдуу.

19-августта жыйында президент Жо Байден чыгып сүйлөп, дагы бир жолу Харриске колдоосун билдирген.

Туура бир ай мурун Байден жарыштан чыкканын, вице-президентин талапкер катары колдоорун жарыялаган.

“Рейтер” жазганына караганда, бир айда Харрис 500 миллиондой доллар чогулта алды.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, демократтардын талапкери Трамптан озуп чыкты. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Республикалык партиядан расмий түрдө Дональд Трамп көрсөтүлгөн.

Комментарий жиберүү