Июль айында Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (ЦАХАЛ) соккусунан Бейрутта жогорку даражалуу командир Фуад Шукрдын өлтүрүлүшүнө жооп иретинде “Хезболла” Израилге жүздөгөн ракета жана учкучсуз учактарды учурган. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет.
Израилдин аймагына жооп иретинде ракеталык сокку урууга даярдык көрүлгөндөн кийин ЦАХАЛ Ливандагы “Хезболланын” буталарына сокку урулганын жарыялады.
“Өзүн-өзү коргоо жана бул коркунучтарды жок кылуу үчүн Израилдин куралдуу күчтөрү Ливандагы террордук объекттерге сокку урууда”,- деди Израилдин аскерий өкүлү контр-адмирал Даниел Хагари.
Өз кезегинде “Хезболла” Израилдин 11 аскерий объектисине 320дан ашык “Катюша” ракетасы атылганын билдирди жана бул чабуул Фуад Шукрдин өлтүрүлүшүнө жооп кайтаруунун биринчи этабы аяктаганын белгилеп, толук жооп берүү үчүн бир аз убакыт талап кылынарын кошумчалады.