Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Израилдин Газанын түштүгүндөгү Рафахка кол салууларын согуш кылмыштары катары иликтөөгө чакырды.
26-майда Израиль Рафахтагы палестиналык качкындар лагерине чабуул койгон. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кол салуудан кеминде 45 киши каза болуп, жүздөгөн адамдар күйүк, сынык сыяктуу ар кандай жаракаттарды алышкан.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Рафах шаарындагы качкындар лагерине урулган, ондогон палестиндин өмүрүн алган соңку соккуну «трагедиялуу кокустук» деп атаган.
Бул сокку эл аралык коомчулуктун, гуманитардык уюмдардын, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Европа Биримдигинин (ЕБ) Израилдин дарегине айыптоосун жаратты. Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел Израил БУУ сотунун Рафахка чабуулду токтотууну милдеттендирген чечимин урматтоого чакырды.
Amnesty International уюмунун жаңы иликтөөсүндө Израилдин жарандарды коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин бузганын жарыялап, израилдик армия май айында Рафахтагы кургактагы операциялары башталгандан бери эл көп чогулган аймактарга жасаган чабуулдарында кыйратуучу күчү жогору болгон бомбаларды колдонгон жана бул мыйзам бузуу катары караларын билдирди.
Аталган уюм эл аралык мыйзамдар аскердик жана жарандык буталарды айырмалабаган чабуулдарга тыюу саларын белгилеп, Израил армиясы ХАМАС күчтөрүн бутага алуу шылтоосу менен коопсуз деп эсептелген аймактарды бомбалаган.
Бул уюмдун отчетунда мындай деп айтылат: Израил армиясы Рафах шаарынын лагерлериндеги качкындарга каршы ээн-эркин кол салууларды жасады.
Ошондой эле отчетто Израиль армиясы Рафах лагерлериндеги качкындарга каршы ирээтсиз чабуулдарды жасаганы, эл аралык мыйзамдар мындай чабуулдарга тыюу салары, Израиль армиясынын качкындардын баш калкалоочу жайларына кол салуулары аларды карапайым калкты коргоо жоопкерчилигинен бошотпой турганы айтылат.
“Израилдин Газа тилкесин мыйзамсыз блокадага алуусу жана анклавдын тургундарына башка райондорго көчүүгө буйрук берүүсү уланып жаткан согуштун фонунда карапайым калктын азап-кайгысын жана көйгөйлөрүн ого бетер күчөттү”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту 24-майда чыгарган токтомуна ылайык, Израил Газа тилкесиндеги Рафах шаарына чабуулун дароо токтотушу зарыл. Бирок Израиль чабуулдарын азыркыга чейин токтотпой келет.
2023-жылдын 7-октябрынан бери Газада ХАМАС менен Израиль армиясынын согушунун кесепетинен анклавда жашаган палестиндердин 40 миңден ашууну каза болуп, 92 миңден ашууну жаракат алды.