Израилдин чабуулунан кийин Иран коргоо министрлигин каржылоону көбөйтүүнү пландоодо.
Бул тууралуу Reuters агенттиги Иран өкмөтүнө шилтеме берүү менен билдирди.
Иран өкмөтүнүн спикери Фатема Мохажерани Израилдин Ислам Республикасынын аскерий инфраструктурасына жасаган чабуулуна жооп катары Тегеран аскердик министрликтин бюджетин былтыркыга салыштырмалуу 200% (б.а. үч эсе) көбөйтүүнү чечкенин жарыялады.
Стокгольм тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) маалыматы боюнча, Ирандын аскердик бюджети 2024-жылы 16,4 миллиард долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 20% өскөн. Салыштыруу үчүн, ушул эле институттун маалыматы боюнча, 2021-жылы Ирандын аскердик бюджети 6,8 миллиард долларды түзгөн.