Ирандык генерал: “Хезболланын” жаңы лидеринин дайындалышы Израиль режиминин кыйроосун тездетет

Ирандын Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мохаммад Багери Наим Касем шейхти ливандык “Хезболла” кыймылынын башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, анын бул кызматка келиши Израиль режиминин кыйроо процесин тездетерин билдирди.

Ал “Хезболла” кыймылынын жаңы баш катчысынын дайындалышы Ливандагы каршылык көрсөтүү фронтунун жана “Хезболланын” кризистерди жеңүүдөгү беделинин, даярдыгынын жана өсүп бара жаткан дараметинин бир көрүнүшү экенин белгиледи.

Эске салсак, ливандык “Хезболла” кыймылынын башкы башкаруу органы болгон Шура кеңеши кыймылдын жаңы баш катчысы кылып шейх Наим Касемди шайлаган. Буга чейин Касем “Хезболланын” башкы катчысынын биринчи орун басары болуп келген.

ки лидери болгон Хасан Насрулланын ордуна келди. Насрулла 27-сентябрда Израилдин Бейрутка жасаган чабууланда каза тапкан.

Наим Касем 71 жашта. Ал Ливандын түштүгүндөгү “Аль-Набатия” провинциясындагы “Кфарфила” шаарында төрөлгөн. Насрулла каза болгондон кийин ал “Хезболланын” башчысынын милдетин аткарып жаткан.

Буга чейин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да “Хезболланын” шейит болгон лидери Хасан Насралланын элесин эскрип, Ливандын элин жана өкмөтүн, ошондой эле каршылык көрсөтүү фронтунун бардык жоокерлерин шейх Наим Касемдин Ливандын башкы катчысы кызматына шайланышы менен куттуктаган.

Комментарий жиберүү