Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк потенциалын ылдам кеңейтип, АКШнын ракетадан коргонуу системасын бузууга жакындап калды. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
Адистердин баамында, Пхеньян азыр болжол менен 50гө жакын өзөктүк дүрмөттөргө ээ жана жыл сайын дагы 20га жеткидей материал өндүрө алат.
АКШнын орто учуу траекториясында кармоочу жердеги коргонуу системасы (GMD) Аляска жана Калифорния штаттарында жайгашып, 44 кармоочу ракетаны камтыйт жана дагы 20га кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бир максатты жок кылуу үчүн адатта кеминде эки кармоочу ракета талап кылынат. Бул болжол менен бир убакта 20га жакын континент аралык баллистикалык ракеталарды массалык түрдө учуруу АКШнын кармоочу запасын түгөтүшү мүмкүн экенин билдирет.
Эң чоң коркунучту «Хвасон» сериясындагы ракеталар, ошондой эле аныкталышы кыйын жана тез учурулуучу жаңыланган катуу отундуу ракеталар жаратат. Бул жылы КЭДР кассеталык ок-дарылар жана жалган бута менен жабдылган ракеталарды сыноодон өткөрүп, АКШ жана Түштүк Кореянын коргонуу системасын бузуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатты. Акыркы жылдары Пхеньян өзүнүн арсеналын активдүү модернизациялап, аны коркунучтуу жана алдын ала божомолдоого кыйын кылып жатат.
Bloomberg белгилегендей, Жакынкы Чыгышта АКШнын Иранга каршы согушунун фонунда Ким Чен Ындын программасын токтотуу аракеттери жетишсиз болуп калды.
«Түндүк Кореянын “изоляцияланган мамлекеттен” “өзөктүк державалар клубунун” толук кандуу мүчөсүнө айланышы анын өзөктүк согуш менен коркутуу гана эмес, аны жүргүзүүгө да жөндөмдүү болушу мүмкүн экенин билдирет», — деп айтылат материалда.
Ким Чен Ын режими өзөктүк куралды өлкөнүн жашап калуусунун негизги кепилдиги катары карап, өзөктүк жана кадимки куралдуу күчтөрдү бир учурда өнүктүрүүгө багытталган жаңы стратегияны жарыялаган.
Буга чейин анын карындашы Ким Ё Чжон АКШ жаңы реалдуулукту таанышы керектигин билдирген.
Анын айтымында, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы мындан ары келечектеги сүйлөшүүлөрдүн предмети болбойт.