Эл аралык кылмыш сотунун судьялары Трамптын санкцияларына каршы биринчи доо арыз беришти

АКШнын президенти Доналд Трамптын администрациясы санкция киргизген Эл аралык кылмыш сотунун үч судьясы бул чектөө чараларынын мыйзамдуулугун талашып, америкалык сотко доо арыз менен кайрылышты.

Бул тууралуу ТАСС агенттигине дипломатиялык булак билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, доо арыз Нью-Йорк штатынын Түштүк округунун федералдык сотуна берилген. Доогерлер катары жеке тартипте үч судья чыгышууда: Кимберли Прост (Канада), Соломи Босса (Уганда) жана Рейн Алапини-Гансу (Бенин).

Алар АКШ президентинин санкциялар тууралуу жарлыгын мыйзамсыз деп таанууну талап кылышууда. Судьялардын пикиринде, бул жарлык мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынан ашып кетет жана АКШнын Конституциясынын Бешинчи түзөтүүсүн бузат. Ошондой эле алар санкцияларды колдонууга тыюу салган сот чечимин чыгарууну суранышууда.

Бул Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына каршы киргизилген санкцияларды түздөн-түз талашкан биринчи доо арыз болуп саналат.

ТАССтын карамагындагы сот материалдарына ылайык, санкциялар судьялардын активдеринин тоңдурулушуна, жеке банк эсептеринин бөгөттөлүшүнө жана финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүнүн чектелишине алып келген.

Доогерлердин баамында, АКШ мындай жол менен сот бийлигинин көз карандысыздыгына басым жасап, судьялардын өз милдеттерин аткаруусуна таасир этүүгө аракет кылуу үчүн алардын жеке кызыкчылыктарына зыян келтирүүдө.

2025-жылдын 7-февралында Дональд Трамп Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына каршы санкцияларды киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

АКШ администрациясы Эл аралык кылмыш сотун Вашингтонго жана анын союздаштарына, анын ичинде Израилге карата мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп жатат деп айыптаган.

Буга чейин америкалык маалымат каражаттары билдиргендей, бул жарлык АКШ жарандарына же анын союздаштарына байланыштуу иликтөөлөргө катышкан Эл аралык кылмыш сотунун кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата финансылык жана визалык чектөөлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.