Депутат БУУнун трибунасында жоолук маселеси жөнүндө сөз сүйлөдү. Видео

Депутат БУУнун трибунасында жоолук маселеси жөнүндө сөз сүйлөдү. Видео

Кечээ, 8-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Нью-Йоркто өткөн “Исламдагы аялдар: Исламдагы аялдардын укуктарын жана иденттүүлүгүн түшүнүү” аттуу конференцияда катышып, сөз сүйлөдү. Бул туурасында депутат өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирди. “БУУнун бийик трибунасынан динди эркин тутуу жана жоолукчан айымдардын мектептерде окууга, окутууга жана мамлекеттик кызматтарда эч кандай кысымга учурабастан иштөөгө толук укугу бар экендигин айттым”, – деп жазды Ашимова. Бул жыйында ал: “Бул тема азыркы дүйнөдөгү эң маанилүү тенденция жана эң маанилүү коомдук кайра куруулардын бири болуп саналат….

Прочитайте больше

Иран өзөктүк бомба жасоону көздөбөйт. МАГАТЭ жетекчиси Тегеранда болду

Иран өзөктүк бомба жасоону көздөбөйт. МАГАТЭ жетекчиси Тегеранда болду

 “Ирандыктар өзөктүк бомба жасоону көздөбөйт. Ал эми уранды байытуу деңгээли 84 пайызды эмес, 60% пайызды түзөт”. Бул тууралуу БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси Ирандын өзөктүк объектилерине болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча Венадагы маалымат жыйынында билдирди. Гросси жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү үчүн Иранга 4-мартта барып,  Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эслами менен жолугушкан. Кечээ, 5-мартта Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы талаш-тартыштар жабылганын билдирген. “МАГАТЭнин инспекторлору азыркы…

Прочитайте больше

Иран бутага алынабы?: Израиль Түркмөнстанда элчилигин ачат

Иран бутага алынабы?: Израиль Түркмөнстанда элчилигин ачат

Израиль Түркмөнстанда элчилигин ачат. Тель-Авивдин Борбор Азия республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Ирандын чек арасына жакын болуп, 20 чакырымдай аралыкта жайгашат деп жазат “Вести Кавказа” аналитикалык басылмасы. Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барып, ал жерде Израилдин Ашхабаддагы элчилигинин ачылыш аземине катышат. Муну менен Израилдин Түркмөнстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Ирандын чек арасына жакын жайгашкан элчилик болуп калат. «Израиль менен Түркмөнстандын мамилеси маанилүү жана стратегиялык жана бүткүл аймак менен мамилелерди чыңдоо аракетинин бир бөлүгү болуп саналат….

Прочитайте больше

Америкалык ардагер: «Батыштын Украинадагы Россия менен согушу башталышы гана»

Америкалык ардагер: «Батыштын Украинадагы Россия менен согушу башталышы гана»

 АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери Ноктис Дрейвен Батыш Украинада Россия менен жаңжал аяктагандан кийин деле токтобой турганын эскертти. Бул туурасында ал соцтармактагы баракчасына жазды. Ал белгилегендей, Батыш Украинага ири суммадагы каржылык жардамдарды бекер жерден берген жок. “Россия менен Украина жаңжалынын аягы көрүнбөйт. Батыш (Украинага – ред.) ири суммадагы каражатты, жардамды бекер жерден берген жок. Батыштын Украинанын жеңилгенине моюн сунуп, башка иштери менен алек болуп отуруп калат деп акылы жок киши эле ойлошу мүмкүн. Жаңылбагыла, кадамдар жасалып жатат”, –…

Прочитайте больше

Түрк оппозициясы Эрдогандын шайлоодоогу атаандашын атады

Түрк оппозициясы Эрдогандын шайлоодоогу атаандашын атады

 Түркияда оппозициячыл алты партиядан турган “Элдик альянс” президенттик кызматка Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин көрсөттү. 74 жаштагы саясатчы Түркиянын алгачкы президенти Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген Элдик-республикалык партиясын жетектейт. Маалыматтарга караганда, оппозициянын атынан бирдиктүү талапкер алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр оор болуп, Кылычдароглунун көрсөтүлүшүнө “Жакшы партиянын” төрайымы, мурдагы ички иштер министри Мерал Акшенер каршы чыккан. Ал президенттикке Стамбулдун же Анкаранын мэринин талапкерлигин көрсөтүүнү сунуштаган. Акшенер шайлоодо оппозициянын талапкери жеңип чыкса, жогорудагы эки шаардын башчылары вице-президент болот деген убададан кийин көнгөн. “Reuters”…

Прочитайте больше

Киев Тегеран Москвага дрондорду жеткиргенин далилдей алган жок

Киев Тегеран Москвага дрондорду жеткиргенин далилдей алган жок

Украина Россия атайын операция учурунда ирандык учкучсуз учактарды колдонгонун далидеген эч кандай документ бере элек. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан билдирди. Абдоллахиан CNN телеканалына берген маегинде ага Украинада табылган делген ирандык учкучсуз учактардын сүрөттөрүн көрсөтүшкөн. Ал бул сүрөттөрдүн Иранга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. “Биздин эксперттер бул сүрөттөрдү  (дрондордун – ред.) изилдеп чыгышты, алардын Иранга эч кандай тиешеси жок. Биз төрт айдан бери сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын күтүп жатабыз жана алар (украиналык тарап…

Прочитайте больше

Блинкендин Өзбекстандагы сапары жыйынтыкталды. Америкалык дипломат Борбор Азияга эмнеге келди?

Блинкендин Өзбекстандагы сапары жыйынтыкталды. Америкалык дипломат Борбор Азияга эмнеге келди?

 АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Борбор Азияга жасаган сапары жыйынтыкталды. Өзбекстандагы сапарынын алкагында ал республиканын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов,   Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууларды өткөрүп, андан соң Индияга жөнөп кетти. Блинкен Ташкентке Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусунда С5+1 форматында өткөн Астанадагы саммиттен кийин барды. Бул анын мамлекеттик катчы кызматына дайындалгандан кийинки Өзбекстанга жасаган алгачкы сапары болуп калды. Блинкен менен Саидовдун жолугушуусунун жүрүшүндө тараптар өзбек-америка стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да өнүктүрүү маселесин талкуулашты. “АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер динамикалуу…

Прочитайте больше

Weiss Media: ИМ террордук уюмунун Ооганстандагы бөлүмү Кытай жарандарына кол салууларын көбөйтөт

Weiss Media: ИМ террордук уюмунун Ооганстандагы бөлүмү Кытай жарандарына кол салууларын көбөйтөт

“Ислам мамлекети” (ИМ) террордук уюмунун ооган бөлүмү Кытайдын уйгур мусулмандарын кысымга алынуусун колдонуп, «өзүн эл аралык деңгээлде таанытууга ниеттенүүдө». Бул тууралуу заманбап Ооганстанды изилдөө борборунун эксперти Андрей Серенко Weiss Media басылмасына таянуу менен жазды. Ага ылайык, «ИМдин медиа-пропагандасы Пекинге каршы багытталган учурда, Кытай жарандары жана Кытайдын Ооганстандагы кызыкчылыктары ИМдин чабуулунун бутасына айланат». «ИМ уйгур маселесин өздөрүнүн ким экендигин көрсөтүү үчүн колдонушу мүмкүн” дешет эксперттер. Алардын пикири боюнча, «террорчулар Кытайдагы мусулмандарды кысымга алуу маселесине көңүл буруп, бул маселеге…

Прочитайте больше

Нетаньяхунун коалициясындагы биринчи бөлүнүү; Маоз отставкага кетти

Нетаньяхунун коалициясындагы биринчи бөлүнүү; Маоз отставкага кетти

Беньямин Нетаньяхунун кабинетинин коалициясына бириккен Наам партиясынын жетекчиси Ави Маоз премьер-министрлик кызматтан кетти. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Ноам партиясынын башчысы Ави Маоз өткөн түнү сионисттик режимдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхуга кызматтан кетүү тууралуу арызын тапшырып, кызматтан кетерин жарыялады. Ал макамдан чыгып кетти жана министрлер кабинетинин коалициясынын мүчөсү катары өз милдеттерин улантпайт. “I24” кабар сайтынын кабарына караганда, сионисттик маалымат каражаттары Маоздун өкмөттүк коалициядан кетүүсүнүн себебин өз пикирин ишке ашыруу үчүн жетиштүү күч жана…

Прочитайте больше

Мартта бүткүл дүйнөдө мега-жер титирөө катталабы?

Мартта бүткүл дүйнөдө мега-жер титирөө катталабы?

Голландиялык сейсмолог Фрэнк Хоугербитс март айында бүткүл дүйнө жүзү боюнча катуу жер титирөөнүн болушу мүмкүн экенин айтты. Ал YouTube-каналына жарыяланган видео анализинде планеталардын критикалык геометриясынын конвергенциясы планетанын 12 чекитинде жогорку сейсмикалык активдүүлүккө алып келип, кыйратуучу соккулар Россияга да жетиши мүмкүн экенин айткан. Ал эми Gazeta.Ru сайты 2023-жылдын 3-мартынан 7-мартына чейин бир катар жер титирөөлөр болушу мүмкүн деп жазган. Бул ортодо россиялык сейсмолог Владимир Кособоков мындай дүйнө жүзү боюнча кыйратуучу жер титирөөлөр болоору тууралуу айтылган ар…

Прочитайте больше

Блинкендин сапары Борбор Азия менен Россиянын алакасын солгундата алабы?

Блинкендин сапары Борбор Азия менен Россиянын алакасын солгундата алабы?

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азияга сапарын баштады. Блинкен Казакстандын борборуна алгачкы расмий сапары менен келип, республиканын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушту. Анын аймакка болгон сапарынын максаты – чөлкөмдөгү өлкөлөрдү АКШ менен кызматташууга өткөрүү жана санкциялык режимди бузбоо. Бирок америкалык саясатчы региондогу жагдайды олуттуу түрдө өзгөртө албайт, деп эсептейт эксперт. Блинкендин сапарынан эмнени күтүүгө болот? АКШнын мамкатчысы Борбор Азияга эмнеге барды? АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азияга эки күндүк…

Прочитайте больше

Балдарды интернеттеги терс маалыматтан кантип коргоо керек?

Балдарды интернеттеги терс маалыматтан кантип коргоо керек?

Азыркы учурда баңгизат, спирт ичимдиктерин жарыя салган, таш боордук менен мыйзамсыз жүрүм-турумдарды актаган, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарган медиа-продукциялардан өсүп келе жаткан муунду коргоого чакырган маалымат коопсуздугу ата-энелер үчүн актуалдуу маселе болуп калды. Интернет-технологиясынын кол жетерлик болуп өсүшү менен Интернеттеги маалыматтардын коопсуз болушуна карата талаптардын деңгээли да жогорулашы керек. Балдар менен өспүрүмдөрдү бүткүл дүйнөлүк “желеден” сактоо үчүн кээ бир маалыматтарга тыюу салып коюуга дайыма эле боло бербестигин бүгүнкү күндө ар бир адам түшүнөт.   Сиздерге сунушталган көрсөтмөлөр…

Прочитайте больше

АКШ Талибанга 7,2миллиард долларлык курал-жарак калтырган

АКШ Талибанга 7,2миллиард долларлык курал-жарак калтырган

Америка Кошмо Штаттары 2021-жылдын жай айларында Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенде, алардын курал-жарак, аскердик техника жана жабдыктары өлкөнүн жаңы бийлигинин карамагында калган. Курал-жарактын жалпы суммасы кеминде 7,2 миллиард доллар деп болжонгон. Бул тууралуу АКШнын Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча атайын инспектору Жон Сопконун баяндамасында айтылганын The Wall Street Journal жазды. Мындай отчет ооган армиясынын тез жеңилүүсүнүн жана өлкөнү талиптердин тез басып алуусунун себептерин түшүнүү максатында АКШ Конгрессинин атынан жазылган. Ооганстанда калган жабдуулардын арасында учактар, ракеталар, байланыш каражаттары жана биометрикалык аппараттар…

Прочитайте больше

АКШдан Кыргызстанга почта аркылуу марихуана жеткирилген канал аныкталды. Видео

АКШдан Кыргызстанга почта аркылуу марихуана жеткирилген канал аныкталды. Видео

 АКШдан Кыргызстанга эл аралык почта аркылуу ири көлөмдө марихуана ташыган трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди. “«Манас» бажысынын кызматкерлери КР ИИМ БМЖККК жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык почта компаниясы аркылуу АКШдан «марихуана» баңги затын жеткирген туруктуу каналды түзгөн трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту жана жок кылышты”, – деп айтылат маалыматта. Табылган «марихуана» баңги затынын жалпы салмагы 2 кг 99 граммды түзгөн. Мындан…

Прочитайте больше

Италияда кеме кырсыгынан 60тай киши набыт болду

Италияда кеме кырсыгынан 60тай киши набыт болду

Италияда мигранттарды ташып келе жаткан кеме кырсыкка учурады. Расмий маалыматка караганда, кеминде 59 киши өлдү, арасында балдар да бар. 80ден ашууну аман калды, 20 чакты адам ооруканага жаткырылды. Тирүү калгандардын айтымында, кемеде 140-150 киши болгон. Кеме бир нече күн мурун Түркиянын Измир портунан жолго чыккан. Италиянын Калабрия провинциясынын чыгыш жээгинде бороондон улам аскага урунган. Кемеде Ооганстан, Пакистан, Иран жана Сомолиден келе жаткан мигранттар болгон. Жылына миңдеген мигранттар Жакынкы Чыгыштан жана Африканын түндүгүнөн мыйзамсыз жол менен…

Прочитайте больше
1 47 48 49 50 51 205