7-ноябрга караган түнү Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атылып, эки өлкө ага бири-бирин айыптап чыкты. Армениянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүгө караган түнү Азербайжандын куралдуу күчтөрү чек арадагы армян позициясын аткылады деп айыптаса, Баку дагы каршы тарап чек арада аткыч куралдарды колдонгонун билдирди. “6-ноябрдан 7-ноябрга караган түнү Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү армян-азербайжан чек арасынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан армяндардын позицияларына түрдүү калибрдеги аткычтардан ок атышты”, — деп айтылат Армениянын Коргоо министрлигинин сайтында.Маалыматта армян тараптан жоготуулар жок экени…
Прочитайте большеAuthor: Kanykey
АКШ мамкатчысынын жардамчысы Өзбекстанга жана Казакстанга барат
АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу 6-11-ноябрь күндөрү Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда болот. Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында Дональд Лу АКШ аймактагы өлкөлөрдүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын ырастап, Вашингтондун максаты Борбор Азияны өнүккөн, коопсуз жана демократиялык аймак кылуу экенин белгилейт. Лу Өзбекстанга жасай турган сапарынын алкагында мамлекеттик аткаминерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле дин жана ишеним эркиндигине байланышкан…
Прочитайте большеТүркиянын ички иштер министри Кыргызстанга келди
Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аларды “Манас” аэропортунда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков тосуп алышты. Алдыда эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн бир катар жолугушуулары белгиленген. Түркиядан келген делегация менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин ар кыл багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоо максатында жолугушуулары өтөт. Буга чейин Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен түзүлгөн кызматташуунун алкагында, ӨКМдин адистерин тоодо…
Прочитайте большеИранда мечитке кол салгандар Тажикстан, Азербайжан жана Ооганстандын жарандары болгон
Ирандын Шираз шаарындагы Шах-Черах мечитине кол салууну уюштурууга катышы бар деген шек менен жалпы 26 киши кармалды. Алардын баары Азербайжан, Тажикстан жана Ооганстан жарандары. Бул тууралуу Ирандын чалгын министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен Fars News агенттиги жазды. “Өлкө ичиндеги террордук ячейканын иш-аракеттеринин негизги уюштуруучусу жана координатору Азербайжандын жараны болгон, ал Тегеранга келгенде дароо Ооганстандагы “ИМ” террордук тобунун өкүлдөрү менен байланышып, аларга Иранга келгенин кабарлаган”, – деп айтылат билдирүүдө. Маалыматка караганда, мечиттеги элге ок чыгарган чабуулчу…
Прочитайте большеТүрк мамлекеттери банктык ассоциациялар кеңешин түздү
Түрк мамлекеттеринин банк ассоциациялары кызматташтык келишимине кол коюу менен Кеңешти түзүшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандын банктар биримдигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кол коюу аземи Стамбулда өттү. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын банк ассоциациялары катышты. “Банктык ассоциациялар кеңеши түрк мамлекеттеринде санариптик банкинг жана төлөм системаларын өнүктүрүүгө көмөктөшөт, ошондой эле өлкөлөргө ар кандай тобокелдиктер менен күрөшүүгө жардам берет”, – деп айтылат маалыматта.
Прочитайте большеТаалатбек Масадыков Кабулда «Талибандын» өкүлдөрү менен жолукту
Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 7-ноябрда кабарлады. Масадыков иш сапардын жүрүшүндө “Талибан” өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен өз өзүнчө жолугушту. Кыргызстандын ТИМи кабарлагандай, жолугушууларда регионалдык коопсуздук жана эки тараптуу соода-экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана транспорттук жолдор менен ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды. Масадыков 2021-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турганда Ооганстанга барып,…
Прочитайте большеСадыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус, Германиянын элчиси Габриэла Геллил, Америка Кошмо Штаттарынын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Херриган менен жолугушту. Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин белгиледи. Ошол эле учурда канчалык…
Прочитайте большеЭлге диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
Зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери өлкөбүздүн аймактарында жүрүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрынан 2-ноябрына чейин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп келген «Борбордук Азиянын Евразия фонду» коомдук фондунун колдоосунда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын райондорундагы, шаарларындагы Коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрүнүн, аксакалдар кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар комитетитеринин өкүлдөрүнүн, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн, жашы жетелектер менен иштөө инспекторлорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда…
Прочитайте большеАКШ Өзбекстанга аскердик автоунааларды берди
Бул тууралу Американын Өзбекстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аскердик унаалар америкалык коргонуу продукциясынын бир бөлүгү болуп саналат. Алар Өзбекстанга «Өнөктөштөрдүн потенциалын жогорулатуу» программасынын алкагында кайтарымсыз жардам иретинде берилген. “Бул техниканын берилиши – Өзбекстандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого салым кошуу үчүн АКШ Ташкентке берип жаткан көмөктүн бир гана формасы болуп эсептелет. Кошмо Штаттар акыркы 31 жылдын ичинде өнүгүп келаткан ортодогу өнөктөштүк мындан ары да өнүгөт деп үмүттөнөт”, – деп айтылат билдирүүдө. АКШ “Өнөктөштөрдүн…
Прочитайте большеЭрдоган менен Путин Африкага эгинди бекер жөнөтүү чечимин кабыл алышты
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Россиянын президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Африкага бекер эгин жеткирүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу түрк лидери өзү билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Буга чейин ал жаңыланган “Дан келишими” боюнча эгиндин биринчи партиясы Сомали, Судан жана Жибутиге жөнөтүлгөнүн айткан. “Путин менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө муктаж болгон өлкөлөргө эгинди бекер жөнөтүүнү макулдаштык. Биз Путиндин “Африка Кара деңиз дан коридорунан пайда көрүшү керек” деген пикирине кошулабыз. Биз дан ташыган кургак жүк ташуучу кемелердин учурда азык-түлүк кризисинен…
Прочитайте большеИрандын президенти Байденге катуу жооп берди
Ирандын президенти Ибрахим Раиси АКШ президенти Жо Байдендин Иранды “боштондукка чыгарабыз” деген убадасына жооп кайтарып, Тегеран боштондукка 43 жыл мурда эле чыкканын айтты. Бул тууралуу IRNA агенттиги жазды. “Иран мындан 43 жыл мурда эле бошотулган жана мындан ары силердин туткунуңарга түшпөөгө чечкиндүү. Тегеран эч качан Кошмо Штаттары үчүн “Саан уйга” айланбайт”, – деди Раиси элдин алдында сүйлөп жатып. Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 11-февралда Иранда Ислам революциясы болгон. 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни…
Прочитайте большеКыргызстан Түркиядан «Аксунгур» учкучсуз учагын алды
Ал “Эми “Аксунгур” да биздики” деп жазган жана дрондун макетин кармап түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Атайын кызмат канча даана “Аксунгур” канча каражатка алынганы тууралуу азырынча маалымат бере элек. Өткөн айда Ташиев Фейсбуктагы баракчасына “Байрактар” учкучсуз аппараттарынын “Акынжы” деп аталган түрүнүн жанына түшкөн сүрөтүн жарыялаган жана анын алдына “Акынжы” биздики! Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.22″ деп жазган. Анда дагы буга байланыштуу кеңири маалымат берилген эмес. Анын алдында, 12-октябрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Анкара шаарына иш…
Прочитайте большеИран Казакстанга Перс булуңунун портунан жер берүүгө даяр
Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Казакстандын вице-премьер-министри – соода жана интеграция министри Серик Жумангариндин Иранга болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында, казак делегациясы Перс булуңунун жээгинде жайгашкан Бандар-Аббас портунда болгон. Негизги жүк ташуучу жайларды жана порттун сактоо терминалдарын кыдырып, көрүп чыккандан кийин казакстандык бизнес өкүлдөрү Перс булуңунун жээгинде өздөрүнүн кайра жүктөөчү жайларын түзүүгө кызыкдар экенин билдиришкен. Ал эми иран тарап Казакстанга Бандар-Аббас портунан жер тилкесин берүүгө даяр экенин билдирген. «Иран тарап Бандар-Аббас портунда кургак…
Прочитайте большеПатрушев: Террорчулар Борбор Азияга ооган качкындары менен кошо кириши мүмкүн
Мындай тобокелчиликти ал КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен жолугушууда сүйлөп жатып билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. Ал Ооганстандагы кырдаал качкындардын Борбор Азияга агылышына алып келиши мүмкүн экенин эскертти. «Качкындар азыр мигранттардын 80%дан ашыгын кабыл алган Иран менен Пакистанга гана эмес, Борбор Азия мамлекеттерине да агылып келүү тобокелчилиги бар», – деди Патрушев. Анын айтымында, башка нерселер менен катар бул Шериктештик өлкөлөрүнө эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн кирип кетишине алып келиши мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин катчысы Ооганстандагы экономикалык кризистин фонунда…
Прочитайте большеПакистандагы ок атуудан экс-премьер Имран Хан жараат алды
Пакистанда парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен жүрүш уюштуруп жаткан мурдагы премьер-министр Имран Хандын кортежине ок атылып, саясатчы жарадар болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлап, ок атылган учурдун видеосун жарыялады. Маалыматта айтылгандай, окуя борбор Исламабаддан 200 чакырымдай алыс аралыктагы Вазирабад шаарында катталды. Хан партиядагы кесиптештери менен көчөдө турне өткөрүп жаткан маалда белгисиз адам автоматтан ок чыгарган. Экс-премьерден сырткары дагы бир нече адам жаракат алып, бир киши каза болгону кабарланды. Имран Хандын бутуна ок тийип, ооруканага жеткирилди….
Прочитайте больше