Өзөктүк жаңжал болушу мүмкүн: Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды

Өзөктүк жаңжал болушу мүмкүн: Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды

 Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинен 8-февралда Украина боюнча чукул жыйын өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу ушул айда Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылган Мальтанын туруктуу өкүлү Ванесса Фрейзер маалымат жыйында билдирди. Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский өзүнүн Telegram-каналында орус тарап бул датага жолугушууну суранганын тастыктады. Полянский баса белгилегендей, жыйын “батыштын курал-жарактары көбөйүп жаткан шартта украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салуунун келечегине” арналат. Москва Украинанын Куралдуу күчтөрүнө курал-жарак жана ок-дарыларды берүүнүн натыйжасында Донбасста күн сайын адамдар өлүп жатканын…

Прочитайте больше

Акыркы бир жылда миңдеген адамдын өмүрүн алган ири жер титирөөлөр

Акыркы бир жылда миңдеген адамдын өмүрүн алган ири жер титирөөлөр

 Акыркы учурларда жаратылыш кырсыгынан бир топ өлкөлөр жабыркап, ар кандай жоготууларга дуушар болуп жатышат. РИА Новости 2022-2023-жыл аралыганда дүйнөдө катталган эң ири жер титирөөлөрдү тизмектеди. 2023-жыл. Түркия жана Сирия Кечээ, 6-февралда Түркиянын Кахраманмараш провинциясында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 37 чакырым алыстыкта, он чакырым тереңдикте болгон.   Зилзаланын кесепетинен 912 адам каза болуп, дагы 5385 адам ар кандай жаракат алган. Ал эми Сирияда жер титирөөдөн 326 адам каза…

Прочитайте больше

Франциялык саясатчы НАТОдон чыгууну сунуштады

Франциялык саясатчы НАТОдон чыгууну сунуштады

 Франция мамлекетин НАТО уюмунан чыгаруу тууралуу сунуш түштү. Франциянын «Патриот» саясий партиясынын лидери Флориан Филиппо Twitter баракчасына өлкөсүн НАТОдон чыгууга үндөгөн билдирүү жазган. Саясатчы бул тууралуу Түндүк Атлантикалык альянстын аскерий комитетинин башчысы Роб Бауэрдин НАТОнун Россия менен тикелей тирешүүгө даярдыгы тууралуу сөзүнөн кийин билдирди.   «Булар үчүнчү дүйнөлүк согушту каалап жатышат, андан көрө биз НАТОдон чыгалы, дүйнөдө тынчтык орун алсын!», – деп жазган Филиппо. 29-январда НАТОнун Аскердик комитетинин башчысы лейтенант-адмирал Роб Бауэр альянс Россия менен тикелей тирешүүгө даяр экенин билдирген. Ал…

Прочитайте больше

Дрондордун чабуулу, заводдогу өрт, жер титирөө-Иранда эмне болуп жатат?

Дрондордун чабуулу, заводдогу өрт, жер титирөө-Иранда эмне болуп жатат?

 29-январга караган түнү Ирандын Исфахан провинциясында ок-дары чыгарылган заводго квадрокоптер менен чабуул жасалды. Америка, Израиль жана алардын союздаштары менен байланышы бар маалымат каражаттары күтүүсүздөн Израилдин Ирандын объектилерине каршы операциясы башталганы тууралуу жаза башташты. Анткени Исфахандагы аскерий объектиге кол салуу Ирандын түндүк-батышында миңге жакын адам жаракат алган 5,9 баллдык жер титирөөдөн кийин болду. Дээрлик бир эле убакта жер титирөөнүн эпицентринен 120 чакырымдай алыстыкта ​​жайгашкан Азершахр шаарындагы мотор майын чыгаруучу заводдо өрт чыкты. Соцтармактарда арты-артынан болгон бул…

Прочитайте больше

Ирандын Жогорку лидери: «Батыштын капиталисттик түзүмү патриархалдык система болуп саналат»

Ирандын Жогорку лидери: «Батыштын капиталисттик түзүмү патриархалдык система болуп саналат»

Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөнүн таасирдүү аялдары менен болгон жолугушууда аял менен эркектин исламдагы орду, заманбап батыш дүйнөсүндө аялдардын укуктары кандай тепселип жаткандыгы тууралуу кеп кылды. Хаменеи Ислам Республикасынын аялдар маселесинде Батыштын “эки жүздүүлөрүнө” карата позициясы коргонуу эмес, “талап кылуучу” позиция экенин, анткени заманбап батыш дүйнөсү, батыш философиясы жана учурдагы батыш маданияты ал жактагы аялдардын ар-намысы жана кадыр-баркы тепселенип жаткандыгына күнөөлүү экенин билдирди.   Ал ислам баалуулуктарында эркек менен аялдын айырмасы жок экенин, тең укуктуу…

Прочитайте больше

Түркия НАТОдон чыгарылабы?

Түркия НАТОдон чыгарылабы?

Батыш маалымат каражаттары Анкараны орус-украин чатагынан акча таап, Киевге Москваны жеңүүгө жардам бербей жатканын көп айыпташууда. Мезгил-мезгили менен түрктөрдү НАТОдон чыгаруу керек деген чакырыктар айтылып келет. Альянстагылар бул кадамга барышабы? Курандын жана Эрдогандын сөлөкөтүнүн өрттөлүшү Евробиримдик менен АКШ бир нече айдан бери Түркияны Швеция менен Финляндиянын Түндүк Атлантика блогуна кирүүсүнө макул болууга көндүрүүдө. Былтыр жайында интеграциянын шарттары боюнча жол картасына кол коюшкан. Швеция парламентинин башчысы Андреас Норлендин 17-январда Анкарага сапары бул маселени тездетиши керек болчу, бирок анын…

Прочитайте больше

Казакстан Россиядан оолактап, АКШга ыктап жатабы?

Казакстан Россиядан оолактап, АКШга ыктап жатабы?

25-январда Вашингтондо Адам укуктары жана демократиялык реформалар боюнча Жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйыны болуп өттү. Ага Казакстандын президентинин администрациясынын башчысынын орун басары Ержан Казыхан жана АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зей төрагалык кылды. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын президентинин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады. Кошмо Штаттары Казакстандын президентинин жалпы адам укуктарына жана демократиялык принциптерге жана институттарга негизделген кеңири саясий жана социалдык-экономикалык реформаларын казак элинин жыргалчылыгы үчүн толук ишке ашырууну чечкиндүү колдоорун баса белгиледи.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жогорку деңгээлдеги диалогдун…

Прочитайте больше

Пакистан менен Ооганстандын чатакташуусу Борбор Азияга кандай кесепетин тийгизет?

Пакистан менен Ооганстандын чатакташуусу Борбор Азияга кандай кесепетин тийгизет?

  2022-жылдын аягы жана 2023-жылдын башталышы Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы Хайбер-Пахтунва чек ара аймагында дагы бир чыңалуу менен башталды. Карап көрсөк, чыр-чатактар талаштуу аймак жана коопсуздук жаатында эки мамлекеттин ортосундагы көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн уландысы болуп саналат. Бирок анда Хайбер-Пахтунва чөлкөмүн Борбордук Азиядагы жана андан тышкаркы өлкөлөр үчүн коркунуч туудурган туруксуз аймакка айландыруу ыктымалдуулугунун белгилери көрүнүп турат. Алсак, өткөн жылдын ноябрь айынын аягында «Техрик-е Талибан Пакистан» (пакистандык талиптер) уюму Пакистан өкмөтү менен…

Прочитайте больше

3 жыл мурунку трагедия: Иран Украина учагын АКШнын провокациясынан улам атып түшүрүп алган болушу мүмкүн

3 жыл мурунку трагедия: Иран Украина учагын АКШнын провокациясынан улам атып түшүрүп алган болушу мүмкүн

Бул тууралуу 9-январда «Красная Весна» маалымат агенттигинин Жакынкы Чыгыш редакциясынын баяндамачысы Евгений Виноградов билдирди. 8-январда Иранда украиналык Boeing 737 учагында каза болгон 176 жүргүнчүнү жана экипаж мүчөлөрүн эскерүү аземи болуп өттү. Үч жыл мурун Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле Ирандын абадан коргонуу системасы жаңылып атып түшүргөн. Учактын ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес. Кырсык Тегеран Ирактагы АКШ аскерлери жайгашкан…

Прочитайте больше

Иран өлкөдөгү соңку баш аламандыктарды «текебер державалардын» кутуму деп атады

Иран өлкөдөгү соңку баш аламандыктарды «текебер державалардын» кутуму деп атады

 Ирандагы соңку баш аламандыктар текебер державалардын кастык кутуму болуп саналат, деди Ирандын Коргоону күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-майор Мохаммад Багери. “Ирандагы соңку баш аламандыктар – Ислам революциясы текебер державалардын кызыкчылыктарына кыйратуучу соккусун урганын жана алар бир нече кылымдар бою дүйнөнү багынтуу үчүн жумшаган нерселердин бардыгын коркунучка кептегенин көрсөтүп турат”, – деген Багеринин сөзүн Tasnim News агенттиги келтирет. Анын айтымында, акыркы үч айда Ирандын аймагына кирген контрабандалык курал-жарактар ​​өлкөдө баш аламандык уюштурууга жана толкундоолорду тутандырууга багытталган. “Акыркы…

Прочитайте больше

Кыргызстан ЕАЭБди кандай башкарды?

Кыргызстан ЕАЭБди кандай башкарды?

 Кыргызстан  ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуусунун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлигинин органдарында төрагалык кылуусунун алдын ала жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы билдирди. А. Касымадиев белгилегендей, буга дейре  Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан үстүбүздөгү жылга жана жакынкы келечекке карай Евразиялык экономикалык бирлигин чыңдоого багытталган артыкчылыктуу милдеттер аныкталган.  «Бирликтин органдары үстүбүздөгү жылы Бирликке мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун камсыздоого жана интеграциялык…

Прочитайте больше

АКШнын Украинада көздөгөн максаттары эмне? Кытайлык эксперттердин пикири

АКШнын Украинада көздөгөн максаттары эмне? Кытайлык эксперттердин пикири

Мындай пикирди кытайлык эксперттер Global Times порталына берген маегинде билдиришкенин РИА Новости жазды. Фудань университетинин эл аралык изилдөөлөр институтунун деканы У Синбо АКШнын Украинадагы жаңжалда үч максаты бар деп эсептейт: Россияны ар тараптуу алсыздандыруу, Зеленскийдин режимин турукташтыруу жана Европаны АКШнын саясатын карманууга түртүү. Бирок эксперттер кризистик кырдаал дагы деле чечиле электигин белгилешет. КПК борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүнүн мурдагы орун басары Чжоу Ли белгилегендей: “АКШ менен ЕБ орус-украин жаңжалын басаңдатууга эч кандай аракет көргөн жок, ал тургай…

Прочитайте больше

Лавров: Россия, Казакстан жана Өзбекстандын газ биримдигинде геосаясий оюн жок

Лавров: Россия, Казакстан жана Өзбекстандын газ биримдигинде геосаясий оюн жок

Россия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда газ биримдигин түзүү идеясында геосаясий оюн жок. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Казакстандын «Хабар 24» телеканалына берген маегинде айтты. «Учурда Россия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда «үч тараптуу» газ долбоорун түзүү демилгеси талкууланууда. Талдоочулар, айрыкча батыштыктар дароо муну кандайдыр бир саясий же геосаясий «оюн» деп айта башташты. Бул жерде эч кандай оюн жок», – деди Лавров. Анын айтымында, өлкөлөр газды ташуу боюнча бирдиктүү системага ээ жана бардык тараптар сезондук чокулардан улам…

Прочитайте больше

К. Мурзахалилов: Диний-экстремисттик топтордун Борбор Азияга коркунучу токтой элек

К. Мурзахалилов: Диний-экстремисттик топтордун Борбор Азияга коркунучу токтой элек

– Канатбек мырза, бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүндөгү диний-экстремисттик топтордун коркунучу кандай деңгээлде? – Учурда Борбор Азия чөлкөмүндө диний кырдаал, ошол эле экстремисттик уюдардын ишмердүүлүгүнө байланышкан абал бир кылка стабилдүү болуп турат. Менимче орус-украин кагылышуусунан улам көпчүлүк учурда диний-экстремисттик топтордун жана алардын жалданма согушкерлеринин көңүлү бул чыр-чаттака бурулууда. Дүйнө коомчулугунун кызыгуусу деле Афганистанда эки жылдан бери бийлик жүргүзүп аткан “Талибан” кыймылынына эмес, дал ушул орус-украин чатагына бурулуп жатат. Бирок радикализм коркунучун, ар түрдүү террордук топтордун…

Прочитайте больше

Казакстандагы президенттик шайлоо: Токаев Назарбаевдин көлөкөсүнөн кутулду

Казакстандагы президенттик шайлоо: Токаев Назарбаевдин көлөкөсүнөн кутулду

Мындай пикирин “Чыгыш-Батыш” аналитикалык борборунун директору Дмитрий Орлов билдирди. Эске салсак, ушул аптанын башында Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Күтүлгөндөй эле, анда 81,3% упай менен Назарбаев бийликке коюп кеткен адам, өлкөнүн учурдагы президенти  Касым-Жоомарт Токаев жеңди. Бирок бул плебисцит Токаевди жогоруда айтылган акыркы статустан сактап калды. Эксперттин айтымында, ал элге “туңгуч президенттин көлөкөсү” эмес, өз алдынча саясий бирдик экенин көрсөтүшү керек. “Мындан тышкары, Токаев коомчулуктун кеңири колдоосуна муктаж. Ошондуктан, ал өз кайрылуусунда жарыялаган демилгелерде элден дагы бир ишеним сурап жаткандай…

Прочитайте больше
1 4 5 6 7 8 10