Иранда базарда болгон террордук чабуулда 7 киши каза болду

Иранда базарда болгон террордук чабуулда 7 киши каза болду

  16-ноябрь күнү кечинде Ирандын Хузестан провинциясынын Изе шаарындагы борбордук базарда белгисиз адамдар тарабынан ок атылып, кеминде жети киши набыт болуп, 20га жакын адам жаракат алды. Бул туураруу иран ЖМКлары жазды. Маалыматта каза болгондордун арасында полиция кызматкерлери да бар экени жана жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор экени айтылат. Билдирүүгө караганда, эки мотоцикл минген белгисиз адамдар чогулган элге жана полиция кызматкерлерине автомат менен ок чыгарышып, дароо окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.  Иран бийлиги бул окуяны террордук акт деп…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус, Германиянын элчиси Габриэла Геллил, Америка Кошмо Штаттарынын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Херриган менен жолугушту. Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин белгиледи. Ошол эле учурда канчалык…

Прочитайте больше

Meraj-521: Иран жаңы «жанкечти» дронун көрсөттү. Сүрөт

Meraj-521: Иран жаңы «жанкечти» дронун көрсөттү. Сүрөт

Ирандын Куралдуу күчтөрү Meraj-521 деп аталган “камикадзе” же “жанкечти” дронун көрсөттү. Жеңил класстагы бул учкучсуз аппарат бутага жетип урунганда жарылып кетет. Дрон Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрү Азербайжан менен чек арадагы Арас аймагында өткөрүп жаткан аскердик машыгууларга тартылып, сыноодон ийгиликтүү өткөрүлдү. Камикадзе дрону 5 чакырым радиуска 15 мүнөткө чейин учуп жүрө алат. Оператор аны атайын планшеттин жардамы менен бутага багыттай алат.  Дрондун өзгөчөлүгү – ал компакттуу жана жеңил болгондуктан аны бүктөл абалда рюкзакка салып жүрүүгө…

Прочитайте больше

Эрдоган, Алиев жана Пашинян Прагада жолукту

Эрдоган, Алиев жана Пашинян Прагада жолукту

  Прагада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ортомчулугу астында бей расмий жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу Европалык саясий шериктештиктин саммитинин алкагында өткөнүн Sputnik Türkiye сайты жарыялады.  Азербайжан президенти Илхам Алиев Армения тараптан жакшы ниет болсо, жыл аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн экенин билдирди. “Бир нече убакыт мурун мен Армения тараптан жакшы ниет болсо, жылдын аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн деп айткам. Убакыт өтүп баратат, демилгелерибиз оңой менен алга жылбай жатат, тышкы…

Прочитайте больше

21-сентябрдан бери Кыргызстан менен Казакстанга 100миңден ашуун россиялык жаран кирген

21-сентябрдан бери Кыргызстан менен Казакстанга 100миңден ашуун россиялык жаран кирген

  Россияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери Кыргызстан менен Казакстанга 100 миңден ашуун россиялык жаран кирген. КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 21-сентябрдан баштап Кыргызстанда Россиянын 3 миң 526 жараны каттоодон өткөн. Министрликтин маалыматы боюнча, 2022-жылдын сегиз айында Кыргызстанда Россиянын 170 миң 3 жараны каттоодон өткөн. Ал эми өткөн жылдын ушул эле аралыгында Кыргызстанда Россиянын 141 миң 323 жараны катталган. Казакстандын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруу Аслан Аталыков 21-сентябрдан бери Казакстанга 98…

Прочитайте больше

Баткен: эл төрт бекеттин алынышын түшүндүрүүнү талап кылууда

Баткен: эл төрт бекеттин алынышын түшүндүрүүнү талап кылууда

  Баткен облусттук акимчилигинин алдында бүгүн, 27-сентябрда жергиликтүү жашоочулар чогулушуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер туурасында  кеңири түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Бул акцияга Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка дагы айылдардын тургундары катышты. Чогулгандар менен Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жолугушту. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу ачык маалымат берүүсүн талап кылышты. Белгилей кетүүчү жагдай, ушул жылдын 25-сентябрында  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев…

Прочитайте больше

Чет өлкөлүк дипломаттар жана журналисттер Баткендеги талкаланган айылдарга барышты. Сүрөт

Чет өлкөлүк дипломаттар жана журналисттер Баткендеги талкаланган айылдарга барышты. Сүрөт

  Кыргызстандагы чет өлкөнүн 20дан ашуун дипломаттары жана ЖМК өкүлдөрү Тажикстандын 14-17-сентябрда Кыргызстанга жасаган куралдуу агрессиянын натыйжасында талкаланган Баткен облусунун айылдарына барышты.  Дипломаттар, эл аралык уюмдардын, ошондой эле журналисттер Тажикстандын куралдуу агрессиясынан эң көп жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту. Жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери болгон окуялар жана Тажикстан тараптан келген куралдуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып берип, талкаланган жана тонолгон турак-жайларды, мектептерди, бала-бакчаларды, базарларды, административдик жана социалдык объектилерди, милициянын пункттарын жана башка инфраструктуралык объектилерди…

Прочитайте больше

Кыргызстандын ТИМи эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады

Кыргызстандын ТИМи эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады

 Тажикстан мурда пландалган куралдуу агрессия жасады. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 14-17-сентябрында өзүнүн эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан Республикасынын биздин мамлекетке каршы алдын ала пландалган, куралдуу агрессивдүү актысы катары баалай турганын билдирүүнү зарыл деп эсептейт. Тажик тараптын адамкерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында 2022-жылдын 18-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын 46 жараны каза болуп, 140 жараны жарадар болгон. 140 миңдей адам мажбурлап эвакуацияланды жана ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилди. Тажик тараптын “Тажикстан Республикасына куралдуу агрессия жасады” деген негизсиз айыптоолорун…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин Кытай армиясын согушка даярданууга үндөдү

Си Цзиньпин Кытай армиясын согушка даярданууга үндөдү

 Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кытай армиясын “согушка даярданууга” көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу  Xinhua агенттиги маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, мамлекет башчы Пекинде өткөн улуттук коргонуу жана аскердик реформа боюнча конференциянын катышуучуларына ушундай тапшырма берген. “Ийгиликтүү реформалоо тажрыйбасын жалпылап, колдонуу, жаңы кырдаалды жана милдеттердин талаптарын түшүнүү, согушка даярданууга көңүл буруу зарыл. Ошондой эле изилдөө жана инновация киргизүү үчүн тайманбастык керек, – деген Кытай лидери. Кытай лидери өзгөртүүлөр өлкөнүн армиясында жаңы система жана структурага жетишүүгө мүмкүндүк…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Антониу Гутерриш менен кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаалды талкуулады

Садыр Жапаров Антониу Гутерриш менен кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаалды талкуулады

Гутерриш кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, Садыр Жапаровго адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Баш катчы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди. Садыр Жапаров өз кезегинде БУУнун алкагында кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.  Мамлекет башчы Кыргызстандын БУУга мүчө болгонуна 30 жыл болгонун, бул аралыкта Кыргызстандын демилгеси менен көтөрүлгөн маселелер Башкы Ассамблеянын эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелерине айланганын белгиледи. Ал Кыргызстан…

Прочитайте больше

ШКУнун саммитинде 40тан ашуун документке кол коюлду. Тизме

ШКУнун саммитинде 40тан ашуун документке кол коюлду. Тизме

Бүгүн, 16-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде 40тан ашуун документке кол коюлду, анын ичинде узак мөөнөттүү ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишиминин жоболорун ишке ашыруу боюнча 2023-2027-жылдарга карата Комплекстүү иш-аракеттер планы жөнүндө чечим бар. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирет. ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында лидерлер кол коюшкан документтер: 🔵 Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Самарканд декларациясы. 🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Узак мөөнөттүү ынак коңшулук,…

Прочитайте больше

УКМК: Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылууда

УКМК: Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылууда

Кыргыз тараптын ок атышууну токтотуу аракеттерине карабастан тажик тарап аскердик оор техникаларды тартууну улантып, Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. УКМКдан белгилешкендей, тажик тарап Кыргызстандын аймагын аткылоо үчүн колдо болгон бардык арсеналды колдонууда.“Учурда бүткүл периметр боюнча катуу кагылышуулар жүрүп жатат”, – деп белгилешти ведомстводон. КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Тажикстандын аскердик агрессиясынын мизин кайтарууну улантууда.

Прочитайте больше

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси менен жолугушту. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Садыр Жапаров жеке таанышканына кубанычта экенин билдири, Ибрахим Раисини өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык маарекеси менен куттуктап, Кыргызстан менен Ирандын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкка жолтоо болчу эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин белгиледи. Ал бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кыргыз-иран…

Прочитайте больше

Иран ШКУга толук мүчө болуп кирди

Иран ШКУга толук мүчө болуп кирди

Бүгүн, 15-сентябрда Самаркандда өтүп жаткан саммитте Иран Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян менен уюмдун башкы катчысы Чжан Мин кол коюшту. ШКУнун баш катчысы Чжан Мин бул күндү Иран үчүн да, уюм үчүн да маанилүү деп атады. “Ирандын ШКУга кириши уюмду бекемдейт”, – деди ал. Ислам республикасынын ШКУга мүчө болуп кабыл алынары былтыр сентябрда белгилүү болгон. Анда өлкөнүн президенти Ибрахим…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи. Ал Россия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара соода…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 47