Даниялык саясатчы Стокгольмдо Куранды өрттөгөндөн кийин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго киришине каршы чыкты. 21-январда Стокгольмдо ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, Куранды өрттөгөн. Акция Швеция бийлигинин уруксаты менень өткөн. Палудан муну менен Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү каалаганын айткан. Мындан улам Эрдоган Швеция НАТОго кирүү үчүн Түркиянын колдоосун күтпөй эле койсо болорун айтып, эгер Швеция Түркияны, ошондой эле мусулмандардын диний сезимдерин сыйлабаса, НАТОго мүчө болуу үчүн Анкарадан эч кандай колдоо күтө…
Прочитайте большеДүйнө
Түрктөрдүн кыянатчылыгы; Сионисттик режимдин президенти түрк элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды
Сионисттик режимдин президенти түрк элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды. 11- январда сионисттик режимдин президенти Түркиянын басып алынган аймактардагы жаңы элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды. Аль-Алам – оккупацияланган Палестиная: Россия Бүгүн маалыматына караганда, Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы толук дипломатиялык карым-катнаштардын нормалдашуусунан бери биринчи жолу Израилдин президенти Исаак Герцог бүгүн Түркиянын элчиси Шакер Өзкан Турунлардын ишеним грамотасын кабыл алды. Герцог мындай деди: Израилдин жеке мен сыяктуу Түркия менен болгон тарыхый карым-катнашыбызга чоң маани бергени эч кимге жашыруун…
Прочитайте большеКазакстан менен Өзбекстандын президенттери эки маанилүү келишимге кол коюшту
Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун деңгээлинде 15 документке кол коюлду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкентке жасаган иш сапарынын жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары эки маанилүү документке: шериктештик мамилелер жана өзбек-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди. “Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга жасаган сапарынын алкагында “Ар тараптуу кызматташтык, ишеним, тең укуктуулук жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу” жөнүндө жазылган макулдашууга кол коюлду”, – деп айтылат маалыматта. Документте тараптардын бири…
Прочитайте больше«Россия жеңиши керек». АКШда Украинада кетирген каталарын түшүнүштү
АКШ менен НАТОнун Украинадагы аракеттери өзөктүк кагылышуу коркунучун күчөтөт. Бул туурасында Рональд Рейгандын администрациясы алдындагы Ак үйдүн мурдагы кызматкери Пол Крейг Робертс өзүнүн сайтына жазды. “Мен чыр-чатак өзөктүк Армагеддонго айланганынан көрө, Россиянын согушта жеңгенин артык көрөм”, – деди ал. Робертстин айтымында, курал-жарак корпорациялары чыр-чатактын курчушуна кызыкдар, анткени алар мындан зор киреше алышат. Адис Вашингтонду украин кризисине катышууну токтотууга чакырып, антпесе америкалыктарды вьетнамдык сценарий күтүп турарын айтты. “Украин аскерлери жеңилип жатат, демек жакында америкалык жана европалык бөлүктөрдү киргизүү…
Прочитайте большеЧыккынчы араб режимдери абалды нормалдаштыруу сазында
Мароккодо Иордания, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, АКШ жана сионисттик режим катыша турган “Бирге жашоо жана сабырдуулук жана аймактын жарандары үчүн нормалдашуунун артыкчылыктарын түшүндүрүү” конференциясы өтөт. Аль-Алам агенттигинин маалыматына ылайык, конференциянын катышуучулары нормалдаштыруу боюнча прогресс реалдуу аймактык интеграцияга алып келе турган жана бул өлкөлөрдүн жарандарына нормалдаштыруунун артыкчылыктарын көрсөтүүчү көп тараптуу институттарды түзүү аракеттери менен коштолушу керектигин айтышты. Баамда бул конференциянын максаты региондун өкмөттөрү үчүн кызматташтыкты арттырып, билим берүү тармагындагы толеранттуулукту бекемдөөгө жана региондун жаш муундарынын өз…
Прочитайте большеОоганстанда «Хизбут-Тахрирдин» ишмердүүлүгүнө тыюу салынды
Талибан Ооганстанда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жана башка эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Ооганстандагы башкаруучу Талибан кыймылы өлкөдө “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” жана башка эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. “Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчилигинин буйругуна ылайык, “Хизб-ут-Тахрир”, “Жамиат Эслах” жана “Нажм” уюмунун ар кандай саясий ишмердүүлүгүнө тыюу салынат”, – деп айтылат Талибандын чалгындоо башкармалыгынын РИА Новостиге түшкөн билдирүүсүндө. 2021-жылдын август айынын башында Талибан кыймылы ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип, эртеси согуш бүткөнүн жарыялашкан….
Прочитайте большеИранда базарда болгон террордук чабуулда 7 киши каза болду
16-ноябрь күнү кечинде Ирандын Хузестан провинциясынын Изе шаарындагы борбордук базарда белгисиз адамдар тарабынан ок атылып, кеминде жети киши набыт болуп, 20га жакын адам жаракат алды. Бул туураруу иран ЖМКлары жазды. Маалыматта каза болгондордун арасында полиция кызматкерлери да бар экени жана жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор экени айтылат. Билдирүүгө караганда, эки мотоцикл минген белгисиз адамдар чогулган элге жана полиция кызматкерлерине автомат менен ок чыгарышып, дароо окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Иран бийлиги бул окуяны террордук акт деп…
Прочитайте большеСадыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус, Германиянын элчиси Габриэла Геллил, Америка Кошмо Штаттарынын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Херриган менен жолугушту. Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин белгиледи. Ошол эле учурда канчалык…
Прочитайте большеMeraj-521: Иран жаңы «жанкечти» дронун көрсөттү. Сүрөт
Ирандын Куралдуу күчтөрү Meraj-521 деп аталган “камикадзе” же “жанкечти” дронун көрсөттү. Жеңил класстагы бул учкучсуз аппарат бутага жетип урунганда жарылып кетет. Дрон Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрү Азербайжан менен чек арадагы Арас аймагында өткөрүп жаткан аскердик машыгууларга тартылып, сыноодон ийгиликтүү өткөрүлдү. Камикадзе дрону 5 чакырым радиуска 15 мүнөткө чейин учуп жүрө алат. Оператор аны атайын планшеттин жардамы менен бутага багыттай алат. Дрондун өзгөчөлүгү – ал компакттуу жана жеңил болгондуктан аны бүктөл абалда рюкзакка салып жүрүүгө…
Прочитайте большеЭрдоган, Алиев жана Пашинян Прагада жолукту
Прагада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ортомчулугу астында бей расмий жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу Европалык саясий шериктештиктин саммитинин алкагында өткөнүн Sputnik Türkiye сайты жарыялады. Азербайжан президенти Илхам Алиев Армения тараптан жакшы ниет болсо, жыл аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн экенин билдирди. “Бир нече убакыт мурун мен Армения тараптан жакшы ниет болсо, жылдын аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн деп айткам. Убакыт өтүп баратат, демилгелерибиз оңой менен алга жылбай жатат, тышкы…
Прочитайте больше21-сентябрдан бери Кыргызстан менен Казакстанга 100миңден ашуун россиялык жаран кирген
Россияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери Кыргызстан менен Казакстанга 100 миңден ашуун россиялык жаран кирген. КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 21-сентябрдан баштап Кыргызстанда Россиянын 3 миң 526 жараны каттоодон өткөн. Министрликтин маалыматы боюнча, 2022-жылдын сегиз айында Кыргызстанда Россиянын 170 миң 3 жараны каттоодон өткөн. Ал эми өткөн жылдын ушул эле аралыгында Кыргызстанда Россиянын 141 миң 323 жараны катталган. Казакстандын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруу Аслан Аталыков 21-сентябрдан бери Казакстанга 98…
Прочитайте большеБаткен: эл төрт бекеттин алынышын түшүндүрүүнү талап кылууда
Баткен облусттук акимчилигинин алдында бүгүн, 27-сентябрда жергиликтүү жашоочулар чогулушуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер туурасында кеңири түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Бул акцияга Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка дагы айылдардын тургундары катышты. Чогулгандар менен Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жолугушту. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу ачык маалымат берүүсүн талап кылышты. Белгилей кетүүчү жагдай, ушул жылдын 25-сентябрында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев…
Прочитайте большеЧет өлкөлүк дипломаттар жана журналисттер Баткендеги талкаланган айылдарга барышты. Сүрөт
Кыргызстандагы чет өлкөнүн 20дан ашуун дипломаттары жана ЖМК өкүлдөрү Тажикстандын 14-17-сентябрда Кыргызстанга жасаган куралдуу агрессиянын натыйжасында талкаланган Баткен облусунун айылдарына барышты. Дипломаттар, эл аралык уюмдардын, ошондой эле журналисттер Тажикстандын куралдуу агрессиясынан эң көп жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту. Жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери болгон окуялар жана Тажикстан тараптан келген куралдуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып берип, талкаланган жана тонолгон турак-жайларды, мектептерди, бала-бакчаларды, базарларды, административдик жана социалдык объектилерди, милициянын пункттарын жана башка инфраструктуралык объектилерди…
Прочитайте большеКыргызстандын ТИМи эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады
Тажикстан мурда пландалган куралдуу агрессия жасады. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 14-17-сентябрында өзүнүн эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан Республикасынын биздин мамлекетке каршы алдын ала пландалган, куралдуу агрессивдүү актысы катары баалай турганын билдирүүнү зарыл деп эсептейт. Тажик тараптын адамкерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында 2022-жылдын 18-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын 46 жараны каза болуп, 140 жараны жарадар болгон. 140 миңдей адам мажбурлап эвакуацияланды жана ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилди. Тажик тараптын “Тажикстан Республикасына куралдуу агрессия жасады” деген негизсиз айыптоолорун…
Прочитайте большеСи Цзиньпин Кытай армиясын согушка даярданууга үндөдү
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кытай армиясын “согушка даярданууга” көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу Xinhua агенттиги маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, мамлекет башчы Пекинде өткөн улуттук коргонуу жана аскердик реформа боюнча конференциянын катышуучуларына ушундай тапшырма берген. “Ийгиликтүү реформалоо тажрыйбасын жалпылап, колдонуу, жаңы кырдаалды жана милдеттердин талаптарын түшүнүү, согушка даярданууга көңүл буруу зарыл. Ошондой эле изилдөө жана инновация киргизүү үчүн тайманбастык керек, – деген Кытай лидери. Кытай лидери өзгөртүүлөр өлкөнүн армиясында жаңы система жана структурага жетишүүгө мүмкүндүк…
Прочитайте больше