АКШда Pfizer жана Modern вакциналарын алгандан кийин 55 адам каза болду

АКШда Pfizer жана Modern вакциналарын алгандан кийин 55 адам каза болду

Америка Кошмо Штаттарындагы федералдык маалымат базасы Pfizer-Biontech жана Moderna вакциналарын алгандан кийин 55 адам каза болгонун маалымдады. Tasnim News агенттигинин эл аралык тобу билдиргендей,  “Epic Times” жаңылыктар сайты келтирген маалыматына караганда, АКШда 55 адам “Pfizer” жана “Modern” аталган ушул өлкөнүн вакциналарын алгандан кийин өз өмүрлөрүнөн айрылышкан.Белгилей кетсек, вакциналык отчет берүү тутуму (VAERS) деп аталган система  федералдык маалымат базасы болуп саналат.VAERS тутумунда вакцинанын терс таасирлери жөнүндө билдирүү, анын ичинде саламаттыкты сактоо кызматкерлери, бейтаптар же алардын үй-бүлөлөрү жөнүндө…

Прочитайте больше

Индонезияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 42ге жетти

Индонезияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 42ге жетти

Кечээ, жума күнү Индонезиянын Сулавеси аралында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан улам кеминде 42 адам каза болду. Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги кабарлады. “Sputnik” агенттиги маалымдагандай, Сулавеси аралынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бир гана Мамуджу шаарында 26 адам каза болгонун жана курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Маалыматка караганда, каза болгондордун көпчүлүгү дагы эле урандылардын астында. Жер титирөөдөн ошондой эле жүздөгөн адамдар жаракат алышты. Буга чейин Европалык жер ортолук сейсмологиялык борбору 15-январга караган түнү Индонезиянын…

Прочитайте больше

АКШнын борборунда Улуттук Гвардиянын 21 миң аскери жайгаштырылат

АКШнын борборунда Улуттук Гвардиянын 21 миң аскери жайгаштырылат

АКШнын Улуттук Гвардиясынын командири жаңы президенттин инаугурациясында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Вашингтонго Улуттук Гвардиянын 21 миңдей аскери жайгаштырыларын билдирди. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Улуттук гвардиясынын командири генерал  Дэниел Хокансон бейшемби күнү АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен жолугушуу учурунда федералдык мекемелердин коопсуздугун сактоо үчүн Вашингтондо буга чейин Улуттук Гвардиянын 7000дей аскери жайгаштырылганын билдирди.Анын айтымына караганда, 20-январда АКШнын саясий борборунда өтүшү керек болгон жаңы президент Жо Байдендин инаугурациясына чейин Вашингтондо жайгаштырылган Улуттук гвардиянын аскерлеринин саны 21…

Прочитайте больше

Индонезиядагы жер титирөөдөн 26 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты; Цунами коркунучу бар (фото)

Индонезиядагы жер титирөөдөн 26 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты; Цунами коркунучу бар (фото)

Индонезиянын расмий өкүлдөрү жума күнү Сулавеси провинциясында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөөдөн кеминде 26 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышканын билдиришти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүн, жума күнү Индонезиянын Сулавеси провинциясында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен 26 адам каза болду жана жүздөгөн адамдар жаракат алышты.Кечээ, бейшемби күнүн ушул эле аймакта күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталган.“Reuters” агенттиги Индонезиянын Кризистик кырдаалды башкаруу уюму күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөөнүн…

Прочитайте больше

Бангладеште качкындардын лагери өрттөнүп кетти

Бангладеште качкындардын лагери өрттөнүп кетти

Бангладештин түштүгүндө жайгашкан миңдеген рохинжа мусулмандары баш калкалаган качкындардын лагери өрттөнүп жок болду. Кечээ, бейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы Бангладеш менен Мьянманын чек арасындагы качкындар лагеринде ири өрт чыгып, анын кесепетинен 3500дөй рохинжа качкынына таандык 550дөн ашуун баш калкалоочу жай жок болгонун билдирди.Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды.Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын берген маалыматына ылайык, лагерде кечээ таңга жуук 3500гө жакын адамга таандык 550дөн ашуун баш калкалоочу жай, ошондой эле коммерциялык…

Прочитайте больше

Норвегияда «Pfizer» вакцинасын алган 20дан ашуун адам көз жумду

Норвегияда «Pfizer» вакцинасын алган 20дан ашуун адам көз жумду

Норвегияда коронавируска каршы Американын «Pfizer»  компаниясы жана Германиянын «BioNTech» стартапынын вакцинасын алган 23 киши көз жумду. Бул тууралуу Норвегиянын дары-дармек агенттиги билдиргенин «Ir.Sputnik»  агенттиги жазды. Адистер жарандардын өлүмүнүн себептерин иликтөөдө. Маалыматта 13 бейтаптын өлүмүнүн себептери аныкталгандыгы айтылат. Норвегиянын дары-дармек агенттиги билдиргендей, вакцинадан улам пайда болгон дене табынын көтөрүлүшү жана жүрөк айлануу сыяктуу кадимки симптомдор  ден-соолугу начар айрым улгайган адамдардын өлүмүнө алып келген болушу мүмкүн. Белгилей кетсек, Норвегияда коронавируска каршы эмдөө  өткөн жылдын 27-декабрында башталган. Алгачкы эмдөөдөн Ослодогу…

Прочитайте больше

Америкалыктардын 79%ы өз өлкөсү кыйрап жатат деп эсептешет

Америкалыктардын 79%ы өз өлкөсү кыйрап жатат деп эсептешет

Axius News жана коомдук сурамжылоонун биргелешкен изилдөөсү көрсөткөндөй, америкалыктардын 79 пайызы өз өлкөсүнүн ыдыроосуна күбө болушууда. Tasnim News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматы боюнча, Axius News жана Ipsus Opinion Polling Institute биргелешип жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, 79% америкалыктар өз өлкөсү ыдырап баратат деп эсептешет.Белгилей кетсек, мындай пикирлер Трамптын Конгресске жасаган чабуулунан бир жумадан кийин көбөйгөн.Жарыяланган сурамжылоого ылайык, демократтардын 83 пайызы жана республикачылардын 78 пайызы алардын өлкөсү кыйрап жатат деп айтышкан. Сурамжылоонун катышуучуларына: “Америкалык экендигиңе сыймыктанасыңбы?”,- деген дагы…

Прочитайте больше
1 45 46 47