Индонезиядагы жер титирөөдөн 26 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты; Цунами коркунучу бар (фото)

Индонезиянын расмий өкүлдөрү жума күнү Сулавеси провинциясында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөөдөн кеминде 26 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышканын билдиришти.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүн, жума күнү Индонезиянын Сулавеси провинциясында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен 26 адам каза болду жана жүздөгөн адамдар жаракат алышты.
Кечээ, бейшемби күнүн ушул эле аймакта күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталган.
“Reuters” агенттиги Индонезиянын Кризистик кырдаалды башкаруу уюму күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында каза болгондордун санын жарыялап, жоготуулар 26 адамга жеткенин билдиргенин кабарлады.
Буга чейин, ЖМКлар жер титирөөдөн 7 адам каза болгонун билдиришкен.
Индонезиянын метеорологиялык жана геофизикалык уюмунун маалыматы боюнча, күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө саат 1:28 чамасында, 10 км тереңдикте болуп, анын эпицентри “Магни” шаарынан 6 чакырым алыстыкта катталган.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялаган маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда 3 миңге жакын тургундар жер титирөөдөн жана цунамиден коркуп үйлөрүнөн чыгып кетишкен.
Индонезиянын Кризистик кырдаалды башкаруу агенттиги жер титирөөдөн кеминде 62 үйгө зыян жеткенин билдирди. Индонезиянын жардам күчтөрү Сулавеси аралында үйлөрдүн жана курулуштардын кыйрашынан улам урандылардын астында калган көптөгөн адамдарды куткарууга аракет кылып жатышат.
Сулавесинин тарыхында миңдеген адамдардын өмүрүн алып кеткен күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө, андан кийин цунами катталган.
2018-жылдын 28-сентябрында бул аймакта төрт жер титирөө болуп, айрым жерлерди цунами каптаган. Күчү 7,5 баллдык жер титирөө катуу болгондуктан, айрым жерлерде цунами же жер көчкү менен коштолгон.
Эл аралык коммерциялык эмес “World Vision” уюмунун маалыматы боюнча, бул жаратылыш кырсыгынан курман болгондордун саны 2 700дөн ашты жана анын кесепетинен 330 000ден ашуун адам үй-жайсыз калды.

Комментарий жиберүү