Бангладеште качкындардын лагери өрттөнүп кетти

Бангладештин түштүгүндө жайгашкан миңдеген рохинжа мусулмандары баш калкалаган качкындардын лагери өрттөнүп жок болду.

Кечээ, бейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы Бангладеш менен Мьянманын чек арасындагы качкындар лагеринде ири өрт чыгып, анын кесепетинен 3500дөй рохинжа качкынына таандык 550дөн ашуун баш калкалоочу жай жок болгонун билдирди.
Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын берген маалыматына ылайык, лагерде кечээ таңга жуук 3500гө жакын адамга таандык 550дөн ашуун баш калкалоочу жай, ошондой эле коммерциялык эмес уюмга таандык 150 дүкөн жана борборлор өрттөнүп кеткен.
“Reuters” агенттигинин маалыматына караганда, ондогон жылдар мурун курулган бул лагерде бетон устундары менен бир нече бак-дарактардын калдыктарынан башка эч нерсе калган эмес.
Качкындардын бири “Е блогу толугу менен күйүп кетти. Эч нерсе калган жок. Баары күйүп кетти. Баары ыйлап жатышат. Алар бардыгын жоготушту. Бардык буюмдары жок болду”, – деди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты Мьянманын чек арасындагы Кокс-Базар аймагындагы лагерде баш калкалоочу жайлардын өрттөлүшүнөн улам жер которгон качкындар үчүн башпаанек, керектүү каражаттар, кышкы кийим, ысык тамак жана медициналык жардам издеп жатат.
БУУнун агенттиги курмандыктар катталбагандыгын жана коопсуздук боюнча эксперттер өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жаткандыгын билдирди.
Уюмдун Качкындардын иши боюнча жетекчисинин орун басары Мухаммад Шамсуд Дозанын айтымында, өрт өчүргүчтөр эки саат бою өрттү өчүрүшкөн, бирок үйдүн ичиндеги газ баллондорунан чыккан жарылуу өрттү өчүрүүгө тоскоол болгон. Ошондой эле ал баш калкалоочу жайлардын кайрадан курулушу же качкындардын башка жакка көчүрүлүшү боюнча чечим кабыл алына электигин билдирди. Акыркы апталарда Бангладештин өкмөтү миңдеген рохинжа качкындарын алыскы аралга көчүргөнү маалымдалган. Укук коргоочу уюмдар мындай кадамга каршы болуп, айрым которуулар мажбурлоо менен болгонун билдиришти. Бангладештин расмий өкүлдөрү көчүрүлүп баргандардын бардыгы аралга барууга макул болушкандыгын билдиришти.
Бириккен Улуттар Уюму бул качкындарды көчүрүү жараяны жөнүндө ага аз маалымат берилгенин билдирген.
Мьянманын батышында жашаган рохинжа мусулмандары бир нече жылдан бери Мьянма армиясы колдогон экстремисттик буддисттер тарабынан кордолуп, үйлөрүнөн кууп чыгарылган жана Бангладештин чек арасында баш калкалап келишет. Учурда бир миллиондон ашуун рохинжа мусулмандары Бангладештин түштүгүндөгү лагерлерде жашап жатышат.
Бириккен Улуттар Уюму берген маалыматка караганда, Мьянма армиясы тарабынан көрсөтүлгөн зордук-зомбулук учурунда 10 миңден ашуун адам каза болуп, 700 миңден ашуун адам жер которгон.
Мьянма өкмөтү өлкөнүн мусулмандарын өлкөнүн жараны деп эсептебейт жана аларга эч кандай социалдык жана саясий укуктарды бербейт.

Комментарий жиберүү