Норвегияда коронавируска каршы Американын «Pfizer» компаниясы жана Германиянын «BioNTech» стартапынын вакцинасын алган 23 киши көз жумду.
Бул тууралуу Норвегиянын дары-дармек агенттиги билдиргенин «Ir.Sputnik» агенттиги жазды. Адистер жарандардын өлүмүнүн себептерин иликтөөдө. Маалыматта 13 бейтаптын өлүмүнүн себептери аныкталгандыгы айтылат. Норвегиянын дары-дармек агенттиги билдиргендей, вакцинадан улам пайда болгон дене табынын көтөрүлүшү жана жүрөк айлануу сыяктуу кадимки симптомдор ден-соолугу начар айрым улгайган адамдардын өлүмүнө алып келген болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, Норвегияда коронавируска каршы эмдөө өткөн жылдын 27-декабрында башталган. Алгачкы эмдөөдөн Ослодогу карылар үйүнүн жашоочулары өткөн.