Индонезияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 42ге жетти

Кечээ, жума күнү Индонезиянын Сулавеси аралында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан улам кеминде 42 адам каза болду.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги кабарлады. “Sputnik” агенттиги маалымдагандай, Сулавеси аралынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бир гана Мамуджу шаарында 26 адам каза болгонун жана курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Маалыматка караганда, каза болгондордун көпчүлүгү дагы эле урандылардын астында.

Жер титирөөдөн ошондой эле жүздөгөн адамдар жаракат алышты. Буга чейин Европалык жер ортолук сейсмологиялык борбору 15-январга караган түнү Индонезиянын тоолуу Сулавеси аралында 10 км. тереңдикте күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталганын маалымдаган. Өлкөнүн президенти Жоко Видодо жаратылыш кырсыгында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жергиликтүү бийликке анын кесепеттери менен күрөшүү үчүн ыкчам аракет көрүүнү буйруган.

Комментарий жиберүү