Америкалыктардын 79%ы өз өлкөсү кыйрап жатат деп эсептешет

Axius News жана коомдук сурамжылоонун биргелешкен изилдөөсү көрсөткөндөй, америкалыктардын 79 пайызы өз өлкөсүнүн ыдыроосуна күбө болушууда.

Tasnim News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматы боюнча, Axius News жана Ipsus Opinion Polling Institute биргелешип жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, 79% америкалыктар өз өлкөсү ыдырап баратат деп эсептешет.
Белгилей кетсек, мындай пикирлер Трамптын Конгресске жасаган чабуулунан бир жумадан кийин көбөйгөн.
Жарыяланган сурамжылоого ылайык, демократтардын 83 пайызы жана республикачылардын 78 пайызы алардын өлкөсү кыйрап жатат деп айтышкан.
 Сурамжылоонун катышуучуларына: “Америкалык экендигиңе сыймыктанасыңбы?”,- деген дагы бир суроо берилген.
Ал эми бул суроого Демократиялык партиянын 22% жактоочулары терс, ал эми жалпысынан сурамжылоого катышкандардын 17% терс жооп беришкен.

Комментарий жиберүү