АКШнын борборунда Улуттук Гвардиянын 21 миң аскери жайгаштырылат

АКШнын Улуттук Гвардиясынын командири жаңы президенттин инаугурациясында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Вашингтонго Улуттук Гвардиянын 21 миңдей аскери жайгаштырыларын билдирди.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Улуттук гвардиясынын командири генерал  Дэниел Хокансон бейшемби күнү АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен жолугушуу учурунда федералдык мекемелердин коопсуздугун сактоо үчүн Вашингтондо буга чейин Улуттук Гвардиянын 7000дей аскери жайгаштырылганын билдирди.
Анын айтымына караганда, 20-январда АКШнын саясий борборунда өтүшү керек болгон жаңы президент Жо Байдендин инаугурациясына чейин Вашингтондо жайгаштырылган Улуттук гвардиянын аскерлеринин саны 21 миңге чейин көбөйөт.
Ошондой эле, Дэниел Хокансон АКШнын Улуттук гвардиясынын куралдуу күчтөрү куралданган жана берилген ар кандай тапшырманы аткара алышат.
Генерал Хокансон Майк Пенске АКШнын Улуттук гвардиясы бардык мекемелер менен коопсуздукту, байланышты, даярдыкты жана координацияны камсыз кыларын айтты.
Эскерте кетсек, 6-январь күнү Конгресстин шайлоочулардын добуштарын бекитүү жана 2020-жылдагы шайлоодо Байдендин жеңишке жетишкендигин жарыялоо боюнча биргелешкен отуруму болуп жаткан учурда Трамптын бир топ жактоочулары Конгресстин имаратын басып алышып, жыйынды үзгүлтүккө учуратышкан. Трамптын жактоочулары полиция күчтөрү менен кагылышып, беш киши каза болгон жана талап-тоноочулукка алып келген.
Көпчүлүк АКШнын чиновниктери демократиянын принциптерине каршы келген мындай мыйзамсыз иш-аракеттерге президент Дональд Трамптын чагымчыл билдирүүлөрү себеп болгонун айтышты.

Комментарий жиберүү