Францияда башаламандыктын бешинчи түнүндө 700дөн ашуун киши кармалды

Францияда башаламандыктын бешинчи түнүндө 700дөн ашуун киши кармалды

Францияда өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин башталган тополоңдун бешинчи түнүндө 719 киши кармалды. Бул тууралуу BFM телеканалы өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди. 700дөн ашык адамдын 194ү Парижде, 65и Марселде кармалган. Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманиндин айтымында, өлкөнүн коопсуздугун сактоого 45 миңден ашык полиция жана жандармдар тартылды. Анын айтымында, бул түн мурункуга караганда “тынч” өттү. 1-июлга караган түнү 1300дөн ашуун адам кармалган. Беш күндө камалгандардын жалпы саны 3 миңден ашат. Тополоңдор жана кагылышуулар учурунда кеминде 45…

Прочитайте больше

Ислам Кызматташтык Уюму Швецияда кезексиз чогулат

Ислам Кызматташтык Уюму Швецияда кезексиз чогулат

Ислам Кызматташтык Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сауд Арабиянын талабы боюнча Ислам Кызматташтык Уюмунун ачык катышуучу болгон аткаруу комитетинин алдыдагы жумада Жиддадагы башкы кеңсесинде чогула турганы белгиленди. Ислам Кызматташтык Уюму  Швецияда  Куран Каримдин өрттөлүшү боюнча кезексиз чогулат. Ислам Кызматташтык Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кезектешкен башкаруучу Сауд Арабиянын талабы боюнча Ислам Кызматташтык Уюмунун ачык катышуучу болгон аткаруу комитетинин алдыдагы жумада Жиддадагы башкы кеңсесинде чогула турганы белгиленди. Жыйында Швецияда Курман айт майрамынын биринчи күнүндө Куран Каримдин…

Прочитайте больше

Францияда башаламандык басаңдай элек. 400дөн ашуун киши кармалды

Францияда башаламандык басаңдай элек. 400дөн ашуун киши кармалды

Францияда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин башталган башаламандыкта 400дөн ашуун киши кармалды. Бул тууралуу Figaro басылмасы ички иштер министрлигиндеги булактарга таянып жазды. Жумага караган түнү жалпы 421 тартип бузуучу кармалган, алардын көбү 14 жаштан 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр. https://t.me/rt_russian/163939?embed=1 Башаламандыктардын чыгышына 27-июнда Париждин четиндеги Нантер шаарында 17 жаштагы өспүрүмдүн полициянын колунан каза табышы себеп болду. Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу өспүрүм тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү…

Прочитайте больше

Иран Батыштын катаал санкцияларына карабай 5 миллиондон ашуун качкынга башпаанек берген

Иран Батыштын катаал санкцияларына карабай 5 миллиондон ашуун качкынга башпаанек берген

Иран Батыш өлкөлөрү киргизген катаал санкцияларга карабай 5 миллиондон ашуун качкынга башпаанек берген. Бул тууралуу Ирандын Ички иштер министри Ахмад Вахиди Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата өткөн иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал өз сөзүндө Ирандын кучагы ар дайым муктаждарга ачык болуп, иран эли бул маселеге дайыма көңүл буруп келгенин баса белгиледи. Анын айтымында, Иран акыркы 44 жылда өз өлкөлөрүнүн кетүүгө аркасыз болгон ондогон өлкөлөрдөн, анын ичинде Ооганстандан качкындарды кабыл алган. “Качкындар кайдан чыгышат? Аларга таңууланган согуштардан жана режимдерден чыгат. Батыш…

Прочитайте больше

Израиль армиясы жөөт отурукташуучулардын палестиналыктарга кол салууларын айыптады

Израиль армиясы жөөт отурукташуучулардын палестиналыктарга кол салууларын айыптады

Израилдин башкы штабынын төрагасы Герци Халеви, Израилдин ички чалгындоо агенттиги Шин-Бет (Шабак) башчысы Ронан Бар жана Израилдин полиция башчысы Коби Шабтай биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жасашты. Израиль армиясы басып алынган Батыш Шериада жөөт отурукташкандардын палестиналыктарга каршы уюшкан кол салууларын «улутчул террор» жана алар менен күрөшө турганын жарыялады. Израилдин башкы штабынын төрагасы Герци Халеви, Израилдин ички чалгындоо агенттиги Шин-Бет (Шабак) башчысы Ронан Бар жана Израилдин полиция башчысы Коби Шабтай биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жасашты. Израил армиясынан…

Прочитайте больше

2050-жылы 1,3 миллиард адам кант диабети менен оорушу мүмкүн

2050-жылы 1,3 миллиард адам кант диабети менен оорушу мүмкүн

2050-жылы 1,3 миллиард адам кант диабети менен оорушу мүмкүн деп болжолдонууда. “The Guardian” гезитинин кабарына караганда, жаңы изилдөө 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 529 миллион адамды жабыркаткан кант диабетинин глобалдык масштабда күчөп 2050-жылы 1,3 миллиард кишиге таасир этээрин көрсөтүүдө. 30 жылдан кийин эч бир өлкөдө кант диабети менен ооругандардын санынын азайбай турганын болжолдогон изилдөө, семирүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүүдө теңсиздиктин себебинен оорулардын эки эсе көбөйүшү мүмкүн экенин баса белгиледи. “The Lancet” журналында жарыяланган изилдөөнүн авторлору,…

Прочитайте больше

АКШда лабораторияда өстүрүлгөн тоок этин сатууга уруксат берилди

АКШда лабораторияда өстүрүлгөн тоок этин сатууга уруксат берилди

АКШнын Айыл чарба министрлиги жана азык-түлүктүн жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалыгы (FDA) лабораторияда өндүрүлгөн жасалма тоок этин даярдоо жана сатууга уруксат беришти.  Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды. Лабораторияда тирүү канаттуулардын клеткаларынан өстүрүлгөн тоок этин сатууга уруксатты Калифорниядагы эки компания алды: Upside Foods жана Good Meat. “Бул кадам жаныбарларга жасалган зыянды жоюуга жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган эт өндүрүүнүн жаңы доорун ачты”, деап жазды агенттик. Эки компания тең азык-түлүктүн жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү…

Прочитайте больше

Гаитиде 3 миллион бала гуманитардык жардамга муктаж

Гаитиде 3 миллион бала гуманитардык жардамга муктаж

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан жасалган билдирүүдө борбор шаар Порт-о-Пренс жана айланасында жайылган «бандалык зомбулукта» балдардын түздөн-түз бутага алынганы белгиленди. Гаитиде 3 миллионго жакын бала “бандалык зомбулуктан” улам гуманитардык жардамга муктаж. Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан жасалган билдирүүдө борбор шаар Порт-о-Пренс жана айланасында жайылган «бандалык зомбулукта» балдардын түздөн-түз бутага алынганы белгиленди. Билдирүүдө балдардын мектепке бара жатканда каза болгонуна же жараланганына, аялдар менен кыздардын да сексуалдык зомбулукка кабылганына көңүл бурулду. Билдирүүдө балдардын…

Прочитайте больше

Грецияда кеме чөгүп, 80ге жакын мигрант каза таап, 100дөн ашууну табылбай жатат

Грецияда кеме чөгүп, 80ге жакын мигрант каза таап, 100дөн ашууну табылбай жатат

Грецияда кеминде 80 мигранттын өмүрүн алган балык уулоочу кеменин кыйрашынан кийин издөө иштери уланууда. Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 104 адам куткарылып, жүздөгөн киши дайынсыз болууда. Ливиядан Италияга багыт алган кеме кечээ, 14-июнда эртең менен Ион деңизинин эл аралык сууларында жээкке жакын жерде оодарылып кеткен. Грециялык ERT телеканалынын малыматы боюнча “Андриана” балык уулоочу кемесинин бортунда Ооганстан, Пакистан, Сирия жана Палестинадан келген 500дөн 700гө чейин мыйзамсыз мигрант бар болгон болушу мүмкүн. Окуя болгон жерде Грециянын жээк кызматынын биргелешкен издөө…

Прочитайте больше

Стокгольмдогу Курандын өрттөлүшү. Эрдоган Швецияны НАТОго киргизбейт

Стокгольмдогу Курандын өрттөлүшү. Эрдоган Швецияны НАТОго киргизбейт

Даниялык саясатчы Стокгольмдо Куранды өрттөгөндөн кийин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго киришине каршы чыкты. 21-январда Стокгольмдо ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, Куранды өрттөгөн.  Акция Швеция бийлигинин уруксаты менень өткөн. Палудан муну менен Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү каалаганын айткан. Мындан улам Эрдоган Швеция НАТОго кирүү үчүн Түркиянын колдоосун күтпөй эле койсо болорун айтып, эгер Швеция Түркияны, ошондой эле мусулмандардын диний сезимдерин сыйлабаса, НАТОго мүчө болуу үчүн Анкарадан эч кандай колдоо күтө…

Прочитайте больше

Түрктөрдүн кыянатчылыгы; Сионисттик режимдин президенти түрк элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды

Түрктөрдүн кыянатчылыгы; Сионисттик режимдин президенти түрк элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды

Сионисттик режимдин президенти түрк элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды.  11- январда сионисттик режимдин президенти Түркиянын басып алынган аймактардагы жаңы элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды.  Аль-Алам – оккупацияланган Палестиная: Россия Бүгүн маалыматына караганда, Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы толук дипломатиялык карым-катнаштардын нормалдашуусунан бери биринчи жолу Израилдин президенти Исаак Герцог бүгүн Түркиянын элчиси Шакер Өзкан Турунлардын ишеним грамотасын кабыл алды. Герцог мындай деди: Израилдин жеке мен сыяктуу Түркия менен болгон тарыхый карым-катнашыбызга чоң маани бергени эч кимге жашыруун…

Прочитайте больше

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери эки маанилүү келишимге кол коюшту

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери эки маанилүү келишимге кол коюшту

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун деңгээлинде 15 документке кол коюлду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкентке жасаган иш сапарынын жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары эки маанилүү документке: шериктештик мамилелер жана өзбек-казак мамлекеттик чек арасын  демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди. “Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга жасаган сапарынын алкагында “Ар тараптуу кызматташтык, ишеним, тең укуктуулук жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу” жөнүндө жазылган макулдашууга кол коюлду”, – деп айтылат маалыматта. Документте тараптардын бири…

Прочитайте больше

«Россия жеңиши керек». АКШда Украинада кетирген каталарын түшүнүштү

«Россия жеңиши керек». АКШда Украинада кетирген каталарын түшүнүштү

 АКШ менен НАТОнун Украинадагы аракеттери өзөктүк кагылышуу коркунучун күчөтөт. Бул туурасында Рональд Рейгандын администрациясы алдындагы Ак үйдүн мурдагы кызматкери Пол Крейг Робертс өзүнүн сайтына жазды. “Мен чыр-чатак өзөктүк Армагеддонго айланганынан көрө, Россиянын согушта жеңгенин артык көрөм”, – деди ал. Робертстин айтымында, курал-жарак корпорациялары чыр-чатактын курчушуна кызыкдар, анткени алар мындан зор киреше алышат. Адис Вашингтонду украин кризисине катышууну токтотууга чакырып, антпесе америкалыктарды вьетнамдык сценарий күтүп турарын айтты. “Украин аскерлери жеңилип жатат, демек жакында америкалык жана европалык бөлүктөрдү киргизүү…

Прочитайте больше

Чыккынчы араб режимдери абалды нормалдаштыруу сазында

Чыккынчы араб режимдери абалды нормалдаштыруу сазында

 Мароккодо Иордания, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, АКШ жана сионисттик режим катыша турган “Бирге жашоо жана сабырдуулук жана аймактын жарандары үчүн нормалдашуунун артыкчылыктарын түшүндүрүү” конференциясы өтөт. Аль-Алам агенттигинин маалыматына ылайык, конференциянын катышуучулары нормалдаштыруу боюнча прогресс реалдуу аймактык интеграцияга алып келе турган жана бул өлкөлөрдүн жарандарына нормалдаштыруунун артыкчылыктарын көрсөтүүчү көп тараптуу институттарды түзүү аракеттери менен коштолушу керектигин айтышты. Баамда бул конференциянын максаты региондун өкмөттөрү үчүн кызматташтыкты арттырып, билим берүү тармагындагы толеранттуулукту бекемдөөгө жана региондун жаш муундарынын өз…

Прочитайте больше

Ооганстанда «Хизбут-Тахрирдин» ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

Ооганстанда «Хизбут-Тахрирдин» ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

 Талибан Ооганстанда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жана башка эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Ооганстандагы башкаруучу Талибан кыймылы өлкөдө “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” жана башка эки уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. “Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчилигинин буйругуна ылайык, “Хизб-ут-Тахрир”, “Жамиат Эслах” жана “Нажм” уюмунун ар кандай саясий ишмердүүлүгүнө тыюу салынат”, – деп айтылат Талибандын чалгындоо башкармалыгынын РИА Новостиге түшкөн билдирүүсүндө. 2021-жылдын август айынын башында Талибан кыймылы ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип, эртеси согуш бүткөнүн жарыялашкан….

Прочитайте больше
1 2 3 4 47