Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жана КЭР СУАР төрагасынын орун басары «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн талкуулады. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев КЭР Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун элдик башкармалыгынын төрагасынын орун басары Лю Суше менен видеоконференция форматында сүйлөшүү жүргүздү. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аянтында кыргыз жана кытай делегацияларынын катышуусунда өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы санитардык-эпидемиологиялык чаралардын алкагында өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр…
Прочитайте большеКыргызстан
Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун иштеп чыгуу башталды
Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча иштин заказчысы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы аныкталды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Чечим темир жол тармагын өнүктүрүү, Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө транспорттук камсыздоо жана республиканын жана анын аймактарынын экономикасын өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Документке ылайык, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча башкы подрядчы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик…
Прочитайте большеКыргызстан да бар. 35 өлкө БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманды
Орусиянын Украинага кол салышын айыптаган резолюция БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу чукул жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Орусиянын согуштук аракеттерин токтотуу, Украинанын эл аралык дең гээлде таанылган чек араларынан, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крымдан аскерлерин чыгаруу талабын камтыган документке уюмдун 141 мүчөсү добуш берди. Орусиядан согуштук аракеттерди токтотууну жана Украинанын эл аралык деңгээлде таанылган аймагынан, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралынан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылган документти уюмдун 141 мүчөсү колдоду. 35 мамлекет, анын…
Прочитайте большеГутерриш Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады. «1992-жылдын 2-марты датасы биздин Уюм үчүн өзгөчө окуя болуп эсептелет. Бүгүнкү күндөгү БУУнун бардык мүчөлөрүнүн 5 пайыздайы дал ушул күнү уюмга кошулушкан. Акыркы отуз жылдын ичинде биз аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу үчүн барган сайын тыгыз өнөктөштүк мамилелерди түздүк. Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына карай алга жылып, глобалдык чакырыктарды…
Прочитайте большеКыргызстандын банктарында доллардын курсу 95 сомго жетти
Кыргызстандын коммерциялык банктарында жарым күндүн ичинде доллардын курсу 95 сомго, евронуку 106 сомго жетти. Банктар долларды 94 сомдон, еврону 105,8 сомдон сатып алууда. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу – 84,80 сом, евронуку – 96,30 сомдон болууда. Аны менен бирге рублдын курсу түшүп жатат. Учурда рублду сатып алуу – 0,90 сомдон, сатуу 1,06-1,070 сомго чейин болууда. Орусиялык ЖМКлардын маалыматына ылайык, рублдин куну бейшемби күнү эртең менен Орусия президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция өткөрүү…
Прочитайте большеТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,3 млрд куб метрге чейин азайды
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 22-фералга карата 8 млрд 339 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы жазды. Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 151 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 469 куб метрге жетүүдө. Эскерте кетсек, 2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан акыркы жылдардагы эң ири энергетикалык каатчылыкка кептелген. Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү…
Прочитайте большеТүркия Кыргызстанга аскердик техникаларды берди
Түркия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик техникаларды берди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинен КР Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык мүлктү тапшырып берүү аземи Улуттук гвардиянын 10126 аскер бөлүгүнүн аймагында болуп өттү. “Түрк тарабынан берилген аскердик багыттагы продукцияларга байланыш каражаттары, автомобиль техникалары жана башка жабдуулар кирет”, – деп айтылат билдирүүдө. Иш-чарага КР коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиев, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, КР КК Улуттук гвардиясынын командачылыгы жана…
Прочитайте большеСадыр Жапаров: «Мамлекеттин карызын 2030-жылы төлөп бүтөбүз»
Президент Садыр Жапаров эгемендик алгандан бери Кыргызстандын топтолгон карызы 5 миллиард долларга жакындаганын социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Урматтуу кыргызстандыктар! Эгемендик алгандан бери топтолгон карызыбыз 5 миллиард долларга жакын болуптур. Эми аны кайра кайтаруу мөөнөтү менин президенттик мезгилиме туш келип отурат. Эч маселе жок, толук төлөп беребиз. Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды дагы аныктап койдук. Динамика көрсөтүп тургандай, үстүбүздөгү жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумманы – 350 миллион доллар төлөйбүз. Андан кийин төлөм кайра…
Прочитайте большеКыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик окуу жайы жабылат
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жайы жана факультет жабыларын билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна маалымдады. Министр ар бир окуу жайды жеке өзү текшерип чыкканын, профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бергендери гана калтырылып, калгандары жабыларын, алардын кожоюндарынын арасында “олигархтар, депутаттар, мурдагы премьер-министрлер бар” экенин айтты. “Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алышты. Ал жерде абдан чоң акча бар. Бирок сапаты абдан начар болуп калды….
Прочитайте большеКыргызстандан Орусияга темир жол каттамдары жанданат
21-февралдан тартып Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган туруктуу темир жол каттамдары аткарыла баштайт. Бул тууралуу 16-февралда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда кабыл алынды. Аталган поезд каттамдарынын жүргүнчүлөрүнөн коронавирус жок экенин ырастаган акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган тесттин жыйынтыктары же “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесине киргизилген эмделгендиги тууралуу сертификат талап кылынат. Кыргызстан коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында…
Прочитайте большеБаткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды
Баткен шаарында 15-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу жыйынтыкталды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөр 10-февралда башталган. Эки өлкөнүн өкүлдөрү тактала элек тилкелердеги чек ара сызыктары боюнча пикир алмашып, кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты. Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышты. Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн….
Прочитайте большеИИМ башчысы Улан Ниязбеков Ирандын элчиси менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
Кечээ, 15-февраль күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Ниязбеков кандай гана маселе болбосун ар дайым талкулоого ачыктыгы жана бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиги белгиленди. Өз кезегинде Саид Харази Иран тараптын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи. Аны менен бирге Ирандын элчиси кыргыз тараптын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкчылыгын билдирди….
Прочитайте большеКоронавирус боюнча расмий катталгандардын саны 200 миңден ашты
Кыргызстанда акыркы 24 сааттын ичинде 46 адамдан коронавирус аныкталып, үч бейтап каза болду. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб билдирди. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери илдетти жуктургандардын расмий катталган жалпы саны 200 миң 66га жетти. Ал эми жалпы 2930 адам каза тапты. Акыркы суткада 236 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 192 миң 971 киши болду. Учурда илдеттен стационарларда 485 бейтап, үй шартында 2119 адам дарыланууда. Белгилей кетсек, январь айынын башында Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү…
Прочитайте большеБишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт
2022-жылдын май айында Бишкек шаарында алгач ирет Евразия экономикалык форуму өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) министри Сергей Глазьев 12-февралда форумдун уюштурууну талкуулады. Бул “Азаттык” өкмөттүн басма сөз кызматына таянуу менен билдирди. Кожошев форумдун күн тартибине киргизүү боюнча Кыргызстандын сунуштарын айтты. Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси катары бул сунуштарды кароого даяр экендигин ырастады. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, иш-чарага Кытай, Иран, Индия, Түркия, Сербия, Түштүк-Чыгыш Азия…
Прочитайте большеБишкектеги Иран элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленди (фото)
11-февралда Ирандын Бишкектеги элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы салтанатуу белгиленди. Бул дата Иран менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына туш келди. Иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн дипломаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жогорку окуу жайлардын ректорлору, журналисттер катышты.
Прочитайте больше