Кыргызстандын банктарында доллардын курсу 95 сомго жетти

Кыргызстандын коммерциялык банктарында жарым күндүн ичинде доллардын курсу 95 сомго, евронуку 106 сомго жетти.

Банктар долларды 94 сомдон, еврону 105,8 сомдон сатып алууда.

Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу – 84,80 сом, евронуку – 96,30 сомдон болууда.

Аны менен бирге рублдын курсу түшүп жатат. Учурда рублду сатып алуу – 0,90 сомдон, сатуу 1,06-1,070 сомго чейин болууда.

Орусиялык ЖМКлардын маалыматына ылайык, рублдин куну бейшемби күнү эртең менен Орусия президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алганын жарыялагандан кийин төмөндөй баштаган.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүлөрүн билдирген. Украинада аскердик абал киргизилген.

Комментарий жиберүү