Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик окуу жайы жабылат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жайы жана факультет жабыларын билдирди.

Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна маалымдады.

Министр ар бир окуу жайды жеке өзү текшерип чыкканын, профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бергендери гана калтырылып, калгандары жабыларын, алардын кожоюндарынын арасында “олигархтар, депутаттар, мурдагы премьер-министрлер бар” экенин айтты.

“Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алышты. Ал жерде абдан чоң акча бар. Бирок сапаты абдан начар болуп калды. Бизди 10-15 жылдан кийин ким дарылайт, ошону ойлонушубуз керек. Окубай эле “зачет” алып, эптеп-септеп бүткөн дарыгерлер кийин биздин генофондго абдан зыян келтирет”, – деди министр.

Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык билим берүүчү үч мамлекеттик жогорку окуу жайы бар экенин баса белгилеп өттү. Алар – Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы жана Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультеттери. Алардан тышкары медициналык билим берүү багытында иштеген 21 менчик окуу жайы бар экенин айтты.

Министр менчик окуу жайларынын айрымдарында тийиштүү шарт бар экенин, алар жабылбай турганын, ал эми жабыла тургандардын студенттери окуусун сертификациядан өткөн окуу жайларынан уланта алышарын билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда медициналык билим алып жаткан студенттер арасында Пакистан, Индия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Грузия мамлекеттеринин жарандары бар.

Комментарий жиберүү