Ташиев: Чек ара кызматына берилген жаңы аскердик техниканын көбү Баткенге жөнөтүлөт

Ташиев: Чек ара кызматына берилген жаңы аскердик техниканын көбү Баткенге жөнөтүлөт

УКМКнын Чек ара кызматына берилген жаңы аскердик техникалардын көбү Баткен облусуна жөнөтүлөт.  Бул тууралуу аталган комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев техникаларды тапшыруу аземинде билдирди. Ал былтыркы 40 брондолгон унаа Бириккен Араб Эмиратынан сатып алынганын, быйылкы аскердик техникалар Орусиядан алынып келингенин белгилеп өттү. УКМКнын төрагасы мындан тышкары курал-жарактар, ок-дарылар да алынып, күч түзүмдөрдү камсыздоо аракеттери көрүлүп жатканын, өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7,5 млрд сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн 3 млрд сомго жакын каражат…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

2022-жылдын 24-мартында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында кызмат өтөп жаткан КР УКМКнын чек ара кезмети Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Hyundai-Porter үлгүсүндөгү унааны складтардын биринде пластмасса жүктөрү менен аныкташкан. Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн автоунааны чек ара заставасына айдап баруу чечими кабыл алынып, кампанын…

Прочитайте больше

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу үчүн быйыл бюджеттен 20 млн. доллар каралды

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу үчүн быйыл бюджеттен 20 млн. доллар каралды

Жакын арада “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу башталат. Бул тууралуу 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал курулуштун башталышынын так мөөнөтүн айткан жок, бирок “жакынкы 3-5 жылда “Камбар-Ата-1″ ГЭСи ишке берилерин белгиледи”. “Каржы ресурстары бар, Каржы министрлиги курулуштун биринчи айлампасы үчүн жакын арада 498 миллион доллар жумшайт. Курулуштун башталышы үчүн быйыл бюджетке 20 миллион доллар киргизилген жана жакын арада курулушту баштайбыз”, – деди Жапаров. Быйыл январь айында энергетика министри Доскул Бекмурзаев апрел-май айында “Камбар-Ата-1” ГЭСинин тегерегинде инфраструктуралык курулушту баштоо пландалып…

Прочитайте больше

Иран президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Нооруз жалпы адамзат баалуулуктарына багытталган цивилизациянын символу жана Жаратканды урматтоо, үй-бүлөнү кадырлоо жана дүйнөнү түзүү маданияты — анын жетишкендиктеринин бийик чокусу болуп саналат. Жаңы кылымда дүйнөнүн диний жана адамдык баалуулуктарга умтулуусу күчөп, ар бир күн Сиздин өлкөңүздөгү бардык адамдардын жүрөгүнө Нооруз сымал кубаныч тартуулап, биздин аймактын элдеринин биримдигин жана ынтымагын бекемдейт…

Прочитайте больше

Кыргызстан Орусия менен КРга дан азыктарын жеткирүү маселесин сүйлөшүүдө

Кыргызстан Орусия менен КРга дан азыктарын жеткирүү маселесин сүйлөшүүдө

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Орусия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында «Бириккен дан компаниясы» ААКнын башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту. Тараптар Орусиядан Кыргызстанга дан азыктарын жеткирүү, мындай ташып келүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн жана Кыргыз Республикасындагы «Бириккен дан компаниясы» ААК филиалынын ишин илгерилетүү боюнча биргелешкен кадамдарды таштоо маселесин талкуулашты. «Бириккен дан компаниясы» – дүйнөлүк рынокто орус дан азыктарынын экспорттук потенциалын ишке ашырууну камсыз кылуучу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору. Аталган компания өзүнүн уникалдуу инфраструктурасынын аркасында…

Прочитайте больше

Президент 1 млн кг кумшекер жана 500 тонна өсүмдүк майын камдап коюуну тапшырды

Президент 1 млн кг кумшекер жана 500 тонна өсүмдүк майын камдап коюуну тапшырды

Азык-түлүктүн кескин кымбаттап жатканына байланыштуу президент Садыр Жапаров 1 миллион килограмм кумшекердин жана 500 тонна өсүмдүк майынын запасын даярдап коюуну тапшырды. 15-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандай турганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, 1 миллион килограмм кумшекер өлкөдөгү соода уюмдарына таратылып жатат жана бир килограммы 70 сомдон болот. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып бир литри 130 сом деп белгиленди. “Орусия менен Украинадагы абалдан улам биздин жарандар азык-түлүк коопсуздугуна кабатыр…

Прочитайте больше

ӨКМ министри: «Азык-түлүк жагынан эч кандай жетишпестик болбойт» (видео)

ӨКМ министри: «Азык-түлүк жагынан эч кандай жетишпестик болбойт» (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажибеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампалары толукталып, азык-түлүк коопсуздугу  жана жетиштүүлүгү сакталып тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал кыргызстандыктарга жасаган видео кайрылуусунда билдирди. Ажибеков азык-түлүк жагынан эч кандай тартыштык болбой тургандыгын айтып, кыргызстандыктарды болбогон, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Прочитайте больше

Индия Кыргызстанда боор алмаштыруу борборун ачууну сунуштады

Индия Кыргызстанда боор алмаштыруу борборун ачууну сунуштады

Кыргызстан өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунда Индиянын PHDCCI соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган союз билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, Бишкекке Индиянын бизнес тармагындагы 20дан ашык өкүлү келген.  Маалым болгондой, жолугушууда индиялык тарап Кыргызстан менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жарыялады. Анын ичинде: –  медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу жана тажрыйба алмашуу; –  туризм жана медициналык туризм; –  медициналык кызматты өнүктүрүү; –  медициналык эмеректерди, буюмдарды жана онкологиялык оорулуулар үчүн керектүү продуктуларды…

Прочитайте больше

Башкы чөйчөктө 7,9 млрд куб суу калды

Башкы чөйчөктө 7,9 млрд куб суу калды

14-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөнкү деңгээлге жетти. Бүгүнкү күнгө карата көрсөткүч 7 млрд 944.67 кубду түзүүдө. Бул соңку жылдардын ушул мөөнөтүндөгү эң төмөнкү көрсөткүч. «Электр станциялары» ишканасынын маалыматы боюнча, учурда сактагычка суунун орточо агып келиши секундасына 164 метр куб, агып чыгышы 209 метр куб болууда. Өткөн жылы март айында суу сактагычтагы суунун көлөмү 9,3 млрд метр кубду түзсө, 2020-жылы — 12,3 млрд метр кубду түзгөн. 2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан…

Прочитайте больше

Бишкекте ири эл аралык өнөр-жай көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкекте ири эл аралык өнөр-жай көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкекте 23-марттан 1-апрелге чейин «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022» ири өнөр-жай көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирет. Программа эки бөлүктөн турат: көргөзмө жана жарманке. Көргөзмө Кыргызстан жана ЕАЭБ өлкө-мүчөлөрүнүн катышуусунда 23-марттан 25-мартка чейин өтөт. Анда меймандар курулуш, дизайн жана интерьер, транспорт жана логистика, лизинг, энергетика, өрт жна техникалык коопсуздук тармактары, ошондой эле, банк, камсыздандыруу компанияларынын кызматтары менен тааныша алат. Көргөзмөнүн жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт. «Көргөзмөнүн максаты – ата…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу болду

Кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу болду

Бүгүн, 11-мартка караган түнү саат 02:50 чамасында кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда 20 мүнөткө созулган атышуу болгон. Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Эки-Таш тилкесинде Тажикстандын чек арачылары жолдон өтүп бара жаткан унааларга таш ыргыткан. Кыргызстандын чек арачылары таш ыргытууну токтотууну талап кылышкан. Бирок, тажик чек арачылары уккан эмес. Кыргыз чек арачылары асманга эскертүүчү ок атууга аргасыз болушкан. Бул учурда аталган…

Прочитайте больше

Калкты дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу аракети көрүлүүдө

Калкты дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу аракети көрүлүүдө

Эдил Байсалов дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык абалдын курчушуна байланыштуу дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, калкты дары-дармек менен камсыздоо улуттук коопсуздук маселесине кирет жана мамлекеттин маанилүү функциясы болуп саналат, буга байланыштуу мурда жөнгө коюлган жеткирүүлөр үзгүлтүккө учураган мезгилде Министрлер Кабинети тарабынан ыкчам жана чечкиндүү чаралардын кабыл алынышын талап кылат. «Учурда жарандардын арасында дары-дармектердин жана…

Прочитайте больше

Суу кризиси: Кыргызстанда 50 суу сактагыч куруу пландаштырылууда

Суу кризиси: Кыргызстанда 50 суу сактагыч куруу пландаштырылууда

Жакынкы 10-15 жылда Кыргызстанда 50  сезондук  (10 күндүк) сууну жөнгө салуучу бассейндерди (БДР) жана суу сактагычтарды куруу пландаштырылууда.  Бул тууралуу 4-мартта өткөн пресс-турда КР Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, башкармалыктын алдында сууну үнөмдөө жана топтоо жана калктын ага болгон керектөөсүн канааттандыруу боюнча бир катар милдеттер турат. Бул үчүн дээрлик ар бир дарыяга суу топтоо үчүн бассейндер курулат. «Биринчи милдет – фильтрацияны кыскартуу жана суу берүүнүн темпин жогорулатуу, экинчиси – аны талааларга…

Прочитайте больше

БМУда Ирандын тарыхы жана маданиятынын сүрөт көргөзмөсү өттү. Сүрөттөр

БМУда Ирандын тарыхы жана маданиятынын сүрөт көргөзмөсү өттү. Сүрөттөр

Борбор калаадагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) Иран жана Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата «Ирандын тарыхы жана маданияты». «Бүгүнкү Иран» аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чара Ирандын Бишкектеги маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Ага  Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Гасеми, БМУнун ректору Мусаев Абдылда, БМУнун Чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов,  БМУнун Чыгыш таануу факультетинин кафедра башчысы, кыргыз-перс сөздүгүнүн түзүүчүсү Нурлан Балтабаев, окутуучулар жана студенттер катышты. Көргөзмөнүн ачылышынан кийин иш-чаранын коноктору университеттин залындагы Ирандын кол өнөрчүлүк…

Прочитайте больше

Кыргызстанда доллардын куну 103 сомдонашты

Кыргызстанда доллардын куну 103 сомдонашты

Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары валюта курсун жаңылашты. 9-март, саат 16.00дө максималдуу сатуу 103 сомду, сатып алуу 100 сомду түздү. Valuta.kg сайтынын маалыматына ылайык, 9-март түштөн кийинкиге карата доллар орточо эсеп менен алганда 95,83 сомдон сатылып алынып, 102,33 сомдон сатылып жатат. Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 97 сом 67 тыйын боюнча калууда. Ал эми евро 11223 сом болсо, рубль 1,062 сомдон сатылууда.

Прочитайте больше
1 3 4 5 6 7 23