БМУда Ирандын тарыхы жана маданиятынын сүрөт көргөзмөсү өттү. Сүрөттөр

Борбор калаадагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) Иран жана Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата «Ирандын тарыхы жана маданияты». «Бүгүнкү Иран» аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

Иш-чара Ирандын Бишкектеги маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Ага  Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Гасеми, БМУнун ректору Мусаев Абдылда, БМУнун Чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов,  БМУнун Чыгыш таануу факультетинин кафедра башчысы, кыргыз-перс сөздүгүнүн түзүүчүсү Нурлан Балтабаев, окутуучулар жана студенттер катышты.

Көргөзмөнүн ачылышынан кийин иш-чаранын коноктору университеттин залындагы Ирандын кол өнөрчүлүк буюмдарынын, архитектуралык жайлары тартылган картиналардын жана Иран тууралуу китептердин көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Андан соң “Ирандын даңазалуу жети жүзү” аттуу документалдык тасма көрсөтүлүп, ал боюнча студенттер арасында викторина ойнотулду.

Алдыңкы үч студентке акчалай сыйлык, калган катышуучуларга белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Ирандын Кыргызстандын университеттериндеги маданият жумалыгы алкагында өткөрүлдү. Иран маданиятынын жумалыгынын ачылыш аземи алгач 2-мартта Бишкектеги Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинде болуп өткөн.

Бул иш-чара Кыргызстан эл аралык университетинде жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде да өткөрүлөт.

Комментарий жиберүү