Инфекциялык оору жүрүүдө. Бишкекте бир суткада 82 бала ооруканага түштү

Инфекциялык оору жүрүүдө. Бишкекте бир суткада 82 бала ооруканага түштү

Бишкектеги инфекциялык ооруканага бир сутканын ичинде 250 адам кайрылып, 87си жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдиргенин “Кабар” агенттиги жазды. Анын айтымында, ооруканага жаткырылгандардын 82си жаш балдар, алардын 23дө ичеги-карын инфекциясы аныкталган. “Кайрылгандардын барында ичеги-карын инфекциясы болгон – жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү жана дене табынын жогорулашы. 4 бала ичеги-карын инфекциясы менен жандандыруу бөлүмундө жатат”, – деди ал. Маалыматка караганда, учурда  ооруканада жалпы 393 бейтап дарыланууда, анын 30 пайызы ичеги-карын…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров: Тышкы карызды бир күн, бир саатда кечиктирбей төлөйбүз

Садыр Жапаров: Тышкы карызды бир күн, бир саатда кечиктирбей төлөйбүз

Президент Садыр Жапаров өлкө карызы бир күн да бир саат да кечиктирилбестен төлөнөрүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчысы “Кабар” агенттигине коомчулукта талкууланып жаткан айрым суроолор боюнча берген маегинде билдирди. Садыр Жапаров журналисттин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тышкы карыз төлөнбөсө эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу бар экендигин эскерткенине токтолуп, “төлөй албай калуу коркунучу барбы?” деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:  “Эч кандай коркунуч жок. Бир күн, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз да бар. Эсиңиздерде болсо мындан…

Прочитайте больше

Ирандын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Бишкекке келди

Ирандын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Бишкекке келди

Ирандын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми сапары менен Кыргызстанга келди.  Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда,Иран президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Бишкек шаарында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков менен жолугушту.  Иран делегациясы менен жолугушууга ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин (КР ТИМ) Төртүнчү саясий департаментинин директору Авазбек Атаханов жана КР ТИМинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков катышты. Тараптар Ооганстандагы азыркы кырдаалды талкуулашып, регионалдык чакырыктар боюнча пикир алмашып, чөлкөмдөгү туруктуулук жана…

Прочитайте больше

Токаев Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү мыйзамына кол койду

Токаев Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү мыйзамына кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир катар мыйзамдарга кол койду. Анын ичинде Кыргызстанга аскердик жардам көрсөтүү боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол коюлду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. Эске салса, май айынын аягында  Казакстандын парламент сенатынын депутаттары Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Макулдашууга 2021-жылдын 7-декабрында кол коюлган жана кыргыз тарапка берилчү аскердик мүлктүн көлөмү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылган. “Казак тарап аскердик мүлктү Кыргызстанга автомобиль менен жеткирүү боюнча чыгымдарды көтөрөт. Кыргыз тарап алынган аскердик мүлктү…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолукту

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолукту

Бул тууралуу 8-июнда Түркиянын Коргоо министрлиги Твиттерге жазды. Анда министр Хулуси Акар “Эфес 2022” аскердик машыгуулардын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Измир шаарында жолукканы кабарланды. Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык коргонуу,коопсуздук маселелери, өзгөчө аскердик машыгуу жана коргонуу өнөр жайы боюнча пикир алмашуу болгону айтылат. Түркиянын эң чоң “Эфес-2022” аскердик машыгуу иш-чарасына быйыл 37 өлкөнүн аскерлери катышууда. Измир шаарында өтүп жаткан машыгуунун биринчи этабы 9-майда башталган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда машыгууларга катышары…

Прочитайте больше

Жапаров: «Мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербөөгө күчүм да, духум да жетет»

Жапаров: «Мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербөөгө күчүм да, духум да жетет»

“Кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербейм. Ага күчүм да, духум да жетет”. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди. Анда өлкө башчысы коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна, анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин соттук иши, анын үйүн карыларга берүү чечими жана тарапташтарынын кайрылуусу боюнча бир катар суроолорго жооп берди. “Өлкө боюнча карылар үйү дагы, майыптар үйү дагы жетишсиз. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү эмне үчүн карыларга берилгенинин себеби, карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза…

Прочитайте больше

БАЭ Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар

БАЭ Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар

Кечээ, 1-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен жолугушту. Жыйында бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Акылбек Жапаров алгач  БАЭнин президенти шейх Халифа бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу бүтүндөй Эмират элине көңүл айтып, өлкөлөр ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү мындан аркы келечектүү багыттарды атап өттү. “Сиздин сапарыңыздын жыйынтыктары, Кудай буюрса, бир туугандык мамилелерибиздин мындан ары бекемделишине чоң түрткү беришине…

Прочитайте больше

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бишкектеги форумга видеоконференция аркылуу катышты

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бишкектеги форумга видеоконференция аркылуу катышты

Бишкекте бүгүн, 26-майда, ЕАЭБ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 2000ден ашык адамдын катышуусунда Биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды. Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйындарынын бирине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу катышты. Ага президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Беларустун премьер-министри Роман Головченко катышты. Суроо-жооп форматында мамлекет башчылары менен өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагындагы көп тараптуу мамилелер, Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын арттыруу, адамдык капиталды өнүктүрүү жана башка көптөгөн маселелер боюнча өз көз караштары менен ой-пикирлерин билдиришти. Белгилей…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда, чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди. Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Казакстан менен кызматташууну бекемдөөнү жеке милдети деп эсептей турганын кошумчалады. Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого негизделген ар тараптуу кызматташуу күндөн-күнгө тереңдеп жатканын…

Прочитайте больше

Кытай Кыргызстанда электромобиль чыгарат

Кытай Кыргызстанда электромобиль чыгарат

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда машина,  электромобиль куроочу ишкана ачуу боюнча келишим түздү. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому менен кытайлык “Гуандун Синьцзиян энерджи девелопмент” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда меморандумга кол коюлгандыгын аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди. “Кыргызиндустрия” ААК Кытайдын «Гуандун Синьцзинь Энерджи Девелопмент» ЖЧК менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул документтин алкагында тараптар уставдык капиталы 200 миллион доллар болгон Кыргыз-Кытай фондун түзүү жана аны 1 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатышат. Ошондой эле…

Прочитайте больше

Тажикстандын Ооганстанга шылтоолоп куралдануусу Кыргызстанга кооптуу эмеспи?

Тажикстандын Ооганстанга шылтоолоп куралдануусу Кыргызстанга кооптуу эмеспи?

АКШ алдыдагы эки жылда Тажикстандын коопсуздук тармагына 60 миллиондон ашуун доллар бөлөт. Бул тууралуу 10-майда АКШнын Душанбедеги элчиси Жон Марк Поммершайм журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирип, бул жардамдардын алкагында, америкалык өкмөт Тажикстанга чек ара аймактарындагы аба мейкиндиктерге байкоо салуучу “Puma” дрондорун бере турганын жарыялады. Дипломаттын айтымында, ушу тапта тараптар 20 миллион доллардык келишимдин майда-бараттарын макулдашып жатышат. Бул жардамдарды Ооганстандын түндүгүндөгү террордук топтордон келген кооптонууга каршы туруу менен түшүндүрдү. Бул жаңылык жарыяланаары менен Кыргызстандын коомчулугунда…

Прочитайте больше

Путиндин Бишкекке келери күтүлүүдө

Путиндин Бишкекке келери күтүлүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу Орусиянын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. “Президент Владимир Путин май айында Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат, бирок форматы каралууда”, – деди ал. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 26-майында Бишкекте “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген темада Евразия экономикалык форуму өтөт. Дүйнөлүк экономикада жана эл аралык соодада терс өзгөрүүлөр болуп жатканына байланыштуу форум ЕАЭБге мүчө…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоо эки элдин тарыхына жана маданиятына сиңген көп жылдык мамилелеринин жаңы этабын ачып, аларды болуп көрбөгөндөй жакындатты. Маданий-цивилизациялык жалпылыктар, жалпы улуттук салттар – өз ара мамилелердин негизин түзгөн эбегейсиз байлык. Дипломатиялык мамилелердин отуз жылында Иран Ислам Республикасы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу аракеттерди жасады. Эки өлкөнүн мамилелери маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын…

Прочитайте больше

Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, курал колдонушкан

Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, курал колдонушкан

Кыргызстан Өзбекстан менен үч жаранынын өлүмүнүн себебин териштирүүдө. Бул тууралуу КРнын УКМКнын Чек ара кызматынын Маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 6-майында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Чанач-Сай жерлигинде Кыргызстандын Жалал-Абад жана Өзбекстандын Чыгыш (Восток) багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөндүгүн маалымдайт.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачыларынын Кыргызстандын үч жаранына каршы курал колдонуп, кийинчерээк алар октон…

Прочитайте больше

Өзбекстандын чек арачыларынын огунан 3 кыргызстандык каза болду

Өзбекстандын чек арачыларынын огунан 3 кыргызстандык каза болду

Өзбекстандын чек арачылары КР жарандарына курал колдонушуп, натыйжада 3 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 5-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлигинин чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушкан. Натыйжада Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 23