ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бишкектеги форумга видеоконференция аркылуу катышты

Бишкекте бүгүн, 26-майда, ЕАЭБ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 2000ден ашык адамдын катышуусунда Биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды.

Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйындарынын бирине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу катышты.

Ага президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Беларустун премьер-министри Роман Головченко катышты.

Суроо-жооп форматында мамлекет башчылары менен өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагындагы көп тараптуу мамилелер, Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын арттыруу, адамдык капиталды өнүктүрүү жана башка көптөгөн маселелер боюнча өз көз караштары менен ой-пикирлерин билдиришти.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында 300дөн ашык иш-чара пландалып, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ири бизнестеринин, мамлекеттик органдарынын жана ЖМКларынын өкүлдөрү чогулушту.

Анын алкагында, Садыр Жапаров иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып: «ЕАЭБди өнүктүрүү — бул Биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, ал ага мүчө-мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бири-бирин толуктоочу процесс», — деп билдирди.

Мамлекет башчсы Форумдагы талкуулардын негизги багыты ЕАЭБдин өнүгүү жолдорун жана келечегин, глобалдык трансформациялар доорунда туруктуу өнүгүүнүн резервдерин аныктоо болуп саналат. «Талкуунун натыйжалары практикалык иштерге түрткү болгон чечимдерге айландырылышы маанилүү экенин белгиледи.

Ал бирикменин негизги милдеттерин атады

1. «Төрт эркиндикти» камсыз кылуу. Бул товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндиги.

2.  2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын өз убагында ишке ашыруу.

3. Агроөнөр жай жана өнөр жай тармактарында биргелешип иш жүргүзүүү. Бул — импортту алмаштыруу максатында конкреттүү кооперация долбоорлорун ишке ашыруу жана Биримдиктин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

4. Туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында биздин интеграцияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алгоритмдерин жана механизмдерин аныктоо.

5. Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттары боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү.

Мүчө-мамлекеттердин кайсы бирине карата жасалган тышкы басымды бүтүндөй Биримдиктен же кайсы бир-мүчө мамлекеттен бөлүп кароого болбойт. Бул жаатта биз ынтымактуу иштеп, аракеттерибиздин координациясын күчөтүшүбүз керек», — деди ал.

Ошону менен бирге президент жаштарга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы Биримдиктин өлкөлөрү улуттук органдардын башындагы орган болуп саналган Комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жолдору жөнүндө ойлонушу керектигин, бул процессте ЕАЭБ сотунун ролун кайра карап чыгууну туура деп эсептеп, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймактык өнүктүрүү маселесин чечүү зарылдыгын белгиледи.

Жапаров экономикалык интеграцияга баа берүү боюнча суроого жооп берип жатып, статистикага токтолду.

Мисалы, 2021-жылы Биримдиктин ИДПсынын өсүшү 4,6% түздү, өз ара сооданын көлөмү 32%га өстү. Ошол эле учурда Кыргызстандын ИДПсы 3,6%га өсүп, 4 айдын жыйынтыгы боюнча өсүш 5,4%ды түздү. Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 40%га, ал эми биринчи кварталда 21%га өстү.

«Мунун баары пандемияга байланыштуу чектөөлөргө жана ЕАЭБге мүчө айрым өлкөлөргө карата жасалган тышкы кысымга карабастан болуп отурат. Булар биздин жакшы координацияланган жана жолго коюлган ишибиздин натыйжасы экенин дагы бир жолу белгилегим келет. Биз алдыда турган бардык кыйынчылыктарды биргеликте жеңе аларыбызга ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Комментарий жиберүү