Жапаров: «Мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербөөгө күчүм да, духум да жетет»

“Кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербейм. Ага күчүм да, духум да жетет”. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди.

Анда өлкө башчысы коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна, анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин соттук иши, анын үйүн карыларга берүү чечими жана тарапташтарынын кайрылуусу боюнча бир катар суроолорго жооп берди.

“Өлкө боюнча карылар үйү дагы, майыптар үйү дагы жетишсиз. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү эмне үчүн карыларга берилгенинин себеби, карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза абада, таза суу ичип өткөрүшсүн деген ниет болду. Ата-энени, карыяларды сыйлабаган калк эч качан жакшылык көрбөйт. Ошол үчүн дайыма карыларыбызды сыйлай жүрөлү”, – деди Жапаров.

Ал Атамбаев менен Бакиевдин үйлөрү мурдагы  президенттердин маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгонун белгилеп өттү.

“Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр – мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коелу деп курулуш иштерин баштап жатабыз”, – дейт президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров коркутуу менен кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына да жооп берди.

“Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арткыдай, анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Ал эми коркутуу аралаш кайрылуу жасагандарга төмөнкүчө жооп берет элем. Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок”, – деди.

Мамлекет башчысы бийлик жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылап отурбасын, жаза катуу болорун эскертип, кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербөөгө күчү да, духу да жетерин баса белгиледи .

Комментарий жиберүү