БАЭ Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар

Кечээ, 1-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен жолугушту.

Жыйында бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров алгач  БАЭнин президенти шейх Халифа бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу бүтүндөй Эмират элине көңүл айтып, өлкөлөр ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү мындан аркы келечектүү багыттарды атап өттү.

“Сиздин сапарыңыздын жыйынтыктары, Кудай буюрса, бир туугандык мамилелерибиздин мындан ары бекемделишине чоң түрткү беришине чоң үмүт артам. Кыргыз-эмират соодасынын көлөмү 2021-жылы дээрлик 70 млн. АКШ долларды түзгөн.  Бул, албетте, жакшы динамика, бирок көрсөткүчтөрдү 3-4 эсеге чейин көтөрүшүбүз зарыл”, – деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Ошондой эле ал кыргыз-эмират инвестициялык өнүктүрүү фондун түзүүнү, БАЭнин Стандарттар боюнча лабороториялык борборун Кыргызстанда уюштуруу, мындан сырткары жогорудагы демилгелерди ишке ашыруу максатында Инвестиция Борборун ачуу боюнча сунуштарын айтты.

Ал эми БАЭнин Экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри өз кезегинде жогорку деңгээлде тосуп алып, меймандостукту көрсөтүп жаткан кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен сунушталып жаткан долбоорлор үстүндө иштешүүгө кызыктар экенин билдирди.

“Биз Кыргызстанга ишкерлер, ири компаниялар, туризм, энергетика, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнөн куралган 40 адамдан турган делегация менен келдик. Негизинен сиздер менен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыктарбыз. Сиз тараптан айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алып, аны ишке ашырууга даярбыз”, – деди министр Абдулла бин Таук Аль Марри.

Мындан сырткары жолугушунун жүрүшүндө БАЭнин Экономика министри кыргыз-эмират Өкмөттөр аралык Комиссиянын 2-отурумун, ишкерлер кеңешинин жыйынын ушул жылдын аягына чейин биргеликте өткөрүүнү колдой турганын билдирди.

Ал Кыргызстандын таза суусун чет өлкөгө таанытып, экспорттоого көмөктөшөрүн кошумчалады.

Тараптар КРнын суверендүү фондун түзүү, эмират-кыргыз инвестициялык фондун жана БАЭде инвестиция тартуу борборун түзүү боюнча иштерди баштоону макулдашты.

Комментарий жиберүү