Садыр Жапаров: Тышкы карызды бир күн, бир саатда кечиктирбей төлөйбүз

Президент Садыр Жапаров өлкө карызы бир күн да бир саат да кечиктирилбестен төлөнөрүн айтты.

Бул тууралуу өлкө башчысы “Кабар” агенттигине коомчулукта талкууланып жаткан айрым суроолор боюнча берген маегинде билдирди.

Садыр Жапаров журналисттин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тышкы карыз төлөнбөсө эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу бар экендигин эскерткенине токтолуп, “төлөй албай калуу коркунучу барбы?” деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди: 

“Эч кандай коркунуч жок. Бир күн, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз да бар. Эсиңиздерде болсо мындан эки-үч жыл мурда ушундай коркунуч бар эле. Баарыбыз тышкы карыздарыбыздан кантип кутулабыз деп кабатыр болчу эмес белек. Азыр андай коркунуч жок. Камсанабай эле койсоңуздар болот. Эң негизгиси тынчтык эле болуп турса, баардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз. 

Ал эми Акылбек Жапаров депутаттарга жөн гана тышкы карыз боюнча эстетип жатат. Себеби айрым популист депутаттар экономикабыздын өсүшүнө тиешеси бар мыйзамдарды атайы колдобой, каршы чыгып жатышпайбы. Ошолорго тиешелүү айтылды деп билсеңиздер болот. 

Ал айтып жатат: “Сырткы карызыбыз бар экенин унутпаңыздар. Быйыл 270 млн доллардын тегерегинде карыз төлөйбүз. Ошондуктан киреше булактарга тиешелүү мыйзамдарды колдоп берип туруңуздар, 5-10 тыйын болсо да жардам болсун” деп. Кечээ парламентке барганда мен да депутаттардан сурандым. Экономикага тиешелүү маселелерге келгенде популисттик ооруну экинчи орунга жылдырып, колдоп берип туруңуздар деп”,- деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчы айрым НПОчу саясатчылар бул бийлик тышкы карызды 1 миллиард 250 миллион долларга көбөйтүп салды деп айткандары чындыкка дал келбесин билдирди.

“Карандай калп. Демократия деп эле ойуна келгенди сүйлөй бергендерге ишенбегиле. Тышкы карыздарыбыз боюнча бир гана каржы министрлигинин официалдуу маалыматына ишенсеңиздер болот.

Мурда түзүлүп калган келишимдердин негизинде жарымы кредит, жарымы грант катары алынган суммалар бар. Бирок карыздын суммасы 2021-жылы 100 миллион долларга жеткен жок. Кандай болгон күндө дагы тышкы карыздарыбызды ар жылы өз убагында толук жаап, кутулабыз. Буга мамлекетибиздин күчү жетет. Эч камсанабаңыздар”, – деп баса белгиледи Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда киреше булактары пайда боло баштаганын, алдыда дагы пайда болорун айтты.

“Мурда салык менен бажынын эле көзүн карап олтурчубуз. Эгер биз карыз алсак дагы мурдакылардай болуп жарымын жеп албайбыз. Алган акча өзүн-өзү актай турган, киреше бере турган, пайдасын эки-үч эселеп алып келе турган тармактарга жумшайбыз”, – деди ал.

Комментарий жиберүү