Ирандын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Бишкекке келди

Ирандын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми сапары менен Кыргызстанга келди. 

Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,Иран президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Бишкек шаарында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков менен жолугушту. 

Иран делегациясы менен жолугушууга ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин (КР ТИМ) Төртүнчү саясий департаментинин директору Авазбек Атаханов жана КР ТИМинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков катышты.

Тараптар Ооганстандагы азыркы кырдаалды талкуулашып, регионалдык чакырыктар боюнча пикир алмашып, чөлкөмдөгү туруктуулук жана коопсуздукту сактоо зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары, Хасан Каземи Куми Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Жээнбек Кулубаев менен да жолугушуп, Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшү жана ооган проблемасын чечүүнүн жолдору боюнча пикир алышты.

Кулубаев регионалдык коопсуздук маселелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бул өлкөдөгү чыңалуунун мындан ары күчөшүнүн алдын алуу максатында ооган өкмөтү менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге, Ооганстанды тынч жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн аймактык кызматташуунун, анын ичинде ШКУнун механизмдерин натыйжалуу пайдалануу жана жаңы механизмдерди издөөнү улантуу зарыл экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Хасан Каземи Куми менен  Жээнбек Кулубаев тынч жана стабилдүү Ооганстанды куруу үчүн ооган элине максималдуу колдоо көрсөтүү максатында бул багыттагы саясий диалогду улантууну макулдашты.

Каземи Куминин Кыргызстанга сапары анын Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон регионалдык турнесинин алкагында өтүп жатканы белгиленет.

Буга чейин ал жумушчу сапары менен Тажикстан менен Өзбекстанда болгон.

Комментарий жиберүү