Токаев Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү мыйзамына кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир катар мыйзамдарга кол койду.

Анын ичинде Кыргызстанга аскердик жардам көрсөтүү боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол коюлду.

Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Эске салса, май айынын аягында  Казакстандын парламент сенатынын депутаттары Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Макулдашууга 2021-жылдын 7-декабрында кол коюлган жана кыргыз тарапка берилчү аскердик мүлктүн көлөмү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылган.

“Казак тарап аскердик мүлктү Кыргызстанга автомобиль менен жеткирүү боюнча чыгымдарды көтөрөт. Кыргыз тарап алынган аскердик мүлктү коопсуздук максатында гана пайдаланат, үчүнчү жакка бербейт, КМШ өлкөлөрүнө каршы колдонбойт”, – деп билдирген Казакстандын коргоо министринин орун басары Султан Камалетдинов.

Ал бул аскердик-техникалык жардам коопсуздукту чыңдоо боюнча Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттырарын белгилеген. Белгилей кетсек, Казакстан ушундай эле  аскердик-техникалык  жардамды Тажикстанга дагы көрсөтөрү маалым болгон.

Комментарий жиберүү