Инфекциялык оору жүрүүдө. Бишкекте бир суткада 82 бала ооруканага түштү

Бишкектеги инфекциялык ооруканага бир сутканын ичинде 250 адам кайрылып, 87си жаткырылды.

Бул тууралуу Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдиргенин “Кабар” агенттиги жазды.

Анын айтымында, ооруканага жаткырылгандардын 82си жаш балдар, алардын 23дө ичеги-карын инфекциясы аныкталган.

“Кайрылгандардын барында ичеги-карын инфекциясы болгон – жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү жана дене табынын жогорулашы. 4 бала ичеги-карын инфекциясы менен жандандыруу бөлүмундө жатат”, – деди ал.

Маалыматка караганда, учурда  ооруканада жалпы 393 бейтап дарыланууда, анын 30 пайызы ичеги-карын инфекциясы менен жаткырылгандар.

Алардын ичинде курч вирустук инфекция, менингит, кызамык менен ооруган бейтаптар да бар.

Оорукананын башкы директору кызамык менен бир күндө 5-6 адам кайрылып жатканын айтты.

Комментарий жиберүү