Ирандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт менен куттуктады

Ирандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Орозо айт – адамдын жан дүйнөсүнө кайрылуунун, адамдын табиятын тазалоонун жана жакшы иштердин жемишин алуу майрамы. Ыйык айды майрамдоо мусулман коомчулугунун биримдигин жана бир туугандыгын бекемдейт деп ишенем», – деп айтылат Раисинин куттуктоо билдирүүсүндө. Ирандын президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Прочитайте больше

БАЭ компаниясы Кыргызстанда күн станцияларын курууга даяр

БАЭ компаниясы Кыргызстанда күн станцияларын курууга даяр

Энергиянын жаңылануучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидер катары таанылган «Masdar» компаниясы Кыргызстанда күн станцияларын курууга даяр.   Бул туурасында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген аталган компаниянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда белгилүү болгонун өкмөттүн маалыматы кызматы билдирди. Бакыт Төрөбаев компаниянын өкүлдөрүнө өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып берип, энергиянын жаңылануучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыгын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды. Компаниянын өкүлдөрү алгачкы этапта кубаттуулугу 200 мегаватт күн станцияларын куруу…

Прочитайте больше

Кыргызстандык ишкерлер Иранга жүкташууда жеңилдиктерге ээ болушат

Кыргызстандык ишкерлер Иранга жүкташууда жеңилдиктерге ээ болушат

Кыргызстандык жеке ишкерлер Иранга бир топ арзандатуулар менен учуп, жүктөрүн ташый алат.   Бул тууралуу 12-апрелде КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Роман Касымов менен ирандык “Varesh Airlines” авиакомпаниясынын коммерциялык директору Мохаммад Ходакарами менен жолугушууда айтылды. Жетишилген макулдашууга ылайык, Палатынын мүчөлөрү үчүн Бишкектен Мешхед шаарына жүк ташуулар дээрлик 2 эсе арзандап, килограммына 2$дын ордуна 1,3$ды түзөт. Мындан тышкары, КРнын СӨПүнөн келип жаткан делегация мүчөлөрүнө авиабилеттин баасы ар бир жүргүнчүгө 70$га чейин төмөндөтүлүп, бир тарапка 250$, эки тарапка 410$га теңелет. Ирандык…

Прочитайте больше

Жакында кыргыз-тажик жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болот

Жакында кыргыз-тажик жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болот

Бул тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөшкөн учурда сөз болду. Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сирожиддин Мухриддин 14-апрелде телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу, аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулады. “Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу, анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду. Министрлер мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү иштерин улантуу керектигин белгилешти”,- деп жазылган Кыргызстандын ТИМи тараткан маалыматта. Өз кезегинде Тажикстандын мамлекеттик “Ховар” агенттиги…

Прочитайте больше

Бишкектин борборунда 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борборунда 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борборунда 13-апрелден 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Биринчи май райондун акимиаты массалык башаламандыктардын алдын алуу максатында митингдерди айрым жерлерге өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү боюнча арыз менен райондук сотко кайрылган. «Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, президенттин администрациясынын жана УКМКнын алдында, “Ала-Тоо” аянтында митинг жана тынчтык акцияларын өткөрбөөнү мыйзамдуу деп тапты», – деп айтылат мэриянын билдируусундө. Мындан ары чогулуштарды жана митингдерди…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасы: макулдашуудан кийинки чыр

Кыргыз-тажик чек арасы: макулдашуудан кийинки чыр

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктаганын билдирди. Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегацияларынын жыйыны ок атышуу болгон аймакта – Лейлек районундагы Селкана тилкесинде өттү. Тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүү, кырдаалды жайгаруу боюнча сүйлөштү. “12-апрелде кечинде кабыл алынган макулдашуулардын аткарылышын талкууладык. Биринчи маселе, эки тараптан кошумча тартылган куралдуу күчтөрдү мурдагы ордуна кайтаруу иштери жүрө баштады. Аскер прокуратурасы бул окуяны иликтеп жатат. Канибадам-Худжант трассасынын…

Прочитайте больше

Испаниялык компания Ысык-Көлдө күн электр станциясын жана ГЭС курууга ниеттенүүдө

Испаниялык компания Ысык-Көлдө күн электр станциясын жана ГЭС курууга ниеттенүүдө

Кыргызстандын министрлер кабинети Испаниянын «EcoEner» энергетикалык компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Документке министрлер кабинетинин атынан энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана «EcoEner» испан энергетикалык компаниясы кол койгон. Меморандумга кол коюу аземи «Кыргызстандын энергетика секторун трансформациялоо» форумунун алкагында өттү. Маалымдама: «EcoEner» энергетикалык компаниясы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында гана иштейт. Компания Испания Королдугу, Сербия Республикасы, Гондурас…

Прочитайте больше

“12 жыл мурда тийген ок алып тынды”. Апрель окуясынын унутта калган мүдөөсү

“12 жыл мурда тийген ок алып тынды”. Апрель окуясынын унутта калган мүдөөсү

Кыргызстандагы Апрель ыңкылабына 12 жыл болду. Бул күнү Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине каршы чыккан демонстранттарга ок атылган. Бишкектеги Ак үйдүн алдында 87 киши каза таап, 400дөн ашууну жараат алган. Андан бери 12 жыл арылыгында жараат алгандардан дагы 65 киши көз жумду. Азыркы тапта Апрель ыңкылыбынын курмандыктарынын жалпы саны 150дөн ашты. “12 жылдан кийин Дуулаттан айрылдык…” 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта ок тийген жарандар “Айкөл Ала-Тоо” деген коом түзгөн. Алардын эсебинде, соңку 12 жыл ичинде ошондо алган жараатынан…

Прочитайте больше

Бейшеналиев: Балдар эми 6 жаштан 1-класска барат

Бейшеналиев: Балдар эми 6 жаштан 1-класска барат

Кыргызстандагы мектептерге 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Анда ал, эми балдар 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, мектепке чейинки даярдоо классы (0-класс) жоюларын билдирди. “12 жылдык окуу боюнча: Эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө биринчи класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз”, – деп жазды  Бейшеналиев.

Прочитайте больше

ЕБ Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро грант бөлөт

ЕБ Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро грант бөлөт

Бүгүн, 6-апрелде “Кыргызстандын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, макулдашууга кыргыз тараптан КР финансы министри Алмаз Бакетаев жана Европа биримдигинин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси, Еврокомиссиянын эл аралык кызматташтык маселеси боюнча башкы директору Сара Ринальди кол койду. Бул макулдашуунун алкагында ЕБ КР Билим берүү жана илим министрлигине 32,0 млн евро өлчөмүндө…

Прочитайте больше

Чек арадагы аткезчиликтен ага-ини окко учту

Чек арадагы аткезчиликтен ага-ини окко учту

Өзбекстан аймагына мыйзамсыз жүк киргизип жаткан Кыргызстандын эки жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапканы кабарланды. Окуя 5-апрелде кечке жуук болгонун УКМКнын Чек ара кызматы ырастады. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылына жакын жерде болгон. Бир нече кыргыз жараны Өзбекстандын аймагына атчан жүк алып өтүүгө аракет кылып, кошуна өлкөнүн аймагына 500 метр кирип барган деп айтылды. Өзбекстан тарап 4-апрель түнү белгисиз адамдар чек арадан мыйзамсыз товар алып кирип, кармоо учурунда качууга аракет кылып,…

Прочитайте больше

Кумтөр толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү

Кумтөр толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү

“Кумтөр Голд Компани” толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү. Бул тууралуу кечээ, 4-апрелде президент Садыр Жапаров түз эфирде билдирди. “Жаңы эле келишимге кол коюлду. Биз Кумтөрдү кайтарууга жетиштик. Кыргызстандын элин бул жетишкендиги менен куттуктайбыз! Бул чындап эле өлкө үчүн бурулуш учур. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек! Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!”, – деди ал. Өлкө башчысы ошондой эле макулдашуунун негизги жоболору…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаровдун Орозо айынын башталышы менен куттуктоосу

Президент С. Жапаровдун Орозо айынын башталышы менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-апрелде, өлкөнүн мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу:    “Ассалоому алейкум ардактуу мекендештер! Кадырлуу кыргызстандыктар! Жалпыңыздарды мусулман жамааты көптөн көп күткөн берекелүү Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктайм. Бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар үчүн өзгөчө ай болуп саналган Орозо айы акыркы эки жылда белгилүү чектөөлөр менен өтүп келгени белгилүү. “Он эки айдын султаны” деп аталган бул айда Жараткан мээримин чачып, кечиримдүүлүктүн эшиктери ачылып, жакшы тилектер эселенип кабыл болору айтылат. Демек, бул айда…

Прочитайте больше

Бишкектеги ирандыктар Ислам республикасынын түзүлгөн күнүн белгилешти

Бишкектеги ирандыктар Ислам республикасынын түзүлгөн күнүн белгилешти

Ирандын Бишкектеги элчилигинде Ислам Республикасынын түзүлгөндүгүнүн урматына желек көтөрүү аземи болуп өттү. 1-апрель Иранда эң маанилүү жана тарыхый күндөрдүн бири болуп саналат. Бул күнү ирандыктар 1979-жылы АКШ колдогон Пехлеви режими кулагандан кийин Ислам республикасын түзүү үчүн добуш берген жалпы элдик референдумдун жылдыгын белгилешет. “1979-жылдын 30-31-мартында өткөн эки күндүк жалпы элдик референдумда Иран жарандарынын 98,2%ы өлкөдөгү саясий системаны өзгөртүүнү жакташкан”, – деди Ирандын элчиси Саид Харрази. Анын айтымында, бүгүн ар бир ирандык үчүн маанилүү күн. “Мамлекеттик…

Прочитайте больше

Балыкчыда өткөн «Калкан-2022» тактикалык машыгуусунан сүрөттөр

Балыкчыда өткөн «Калкан-2022» тактикалык машыгуусунан сүрөттөр

Бүгүн, 31-март Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусу болуп өттү. Машыгуунун жүрүшүнө президент президент, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров көз салды. «Калкан-2022» машыгуусунун негизги максаты — мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү  жок кылуу боюнча операцияларды даярдоо жана өткөрүү, аскерлерди башкаруу, өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана камсыздоонун бардык түрлөрү боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу. Машыгууда атайын багыттагы бөлүктөр заманбап курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды, зооттолгон «ТИГР» унааларын жана КР УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы сокку уруучу…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 6 23