Ирандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Орозо айт – адамдын жан дүйнөсүнө кайрылуунун, адамдын табиятын тазалоонун жана жакшы иштердин жемишин алуу майрамы.

Ыйык айды майрамдоо мусулман коомчулугунун биримдигин жана бир туугандыгын бекемдейт деп ишенем», – деп айтылат Раисинин куттуктоо билдирүүсүндө.

Ирандын президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Комментарий жиберүү