Бейшеналиев: Балдар эми 6 жаштан 1-класска барат

Кыргызстандагы мектептерге 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү пландалып жатат.

Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анда ал, эми балдар 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, мектепке чейинки даярдоо классы (0-класс) жоюларын билдирди.

“12 жылдык окуу боюнча: Эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө биринчи класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз”, – деп жазды  Бейшеналиев.

Комментарий жиберүү