Кумтөр толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү

Кумтөр Голд Компани” толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү.

Бул тууралуу кечээ, 4-апрелде президент Садыр Жапаров түз эфирде билдирди.

“Жаңы эле келишимге кол коюлду. Биз Кумтөрдү кайтарууга жетиштик. Кыргызстандын элин бул жетишкендиги менен куттуктайбыз! Бул чындап эле өлкө үчүн бурулуш учур. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек! Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!”, – деди ал.

Өлкө башчысы ошондой эле макулдашуунун негизги жоболору жөнүндө айтып берди:

“Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү.

Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык.

Мындан тышкары, “Центерра” бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду — анын көлөмү болжол менен 11 млн АКШ долларын түзөт.

Дагы бир жетишкендик – “Центерра” кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Буга да жетиштик.

Биз “Кумтөр” кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык — бизге 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген.

“Центерра” 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты.

“Центерра” АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду.

Ал эми “Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Центеррадагы” өзүнүн 26% үлүшүн  өткөрүп берет. Ошол эле учурда „Центерра“ аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.

Биз, кыргыз тарап дагы Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотобуз.

Ушундай шарттарды макулдашууга жетишүү оңой-олтоң болгон жок, анын ар бир пункту боюнча чечим кабыл алуу бир жылга жакын убактыбызды алды”.

Мындан тышкары, өлкө башчысы кыргыз саясатындагы басып өткөн жолунда – Кумтөрдүн байлыгы жөнүндө такай айтып келгенин. Ал үчүн санаалаштары, үй-бүлөсү кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн баса белгилеп өттү.

Садыр Жапаров мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, командасына, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топко, ата мекендик жана эл аралык юристтерге, сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзүшкөнү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

“Бардыгыңыздарды башталган ыйык Орозо айы менен куттуктайм! Ар бир үйдү ырыскы, береке-кут жана бакты-таалай ыроолосун. Орозоңуздар кабыл болсун! Жараткан Кыргызстаныбызды колдосун!”, – деди мамлекет башчысы сөзүнүн аягында.

Комментарий жиберүү